info@gmail.com +998 99 741 35 23

Analogiya — Аналогия

Termin kartochkasi to'liqligi: 60%

Lug'atga qaytish
Terminning o'zbekcha nomiAnalogiya
Terminning o'zbekcha etimologiyasiAnalogiya so‘zi qadimgi yunoncha “analogia” so‘zidan kelib chiqqan bo‘lib, “muvofiqlik”, “aynanlik” yoki “o‘xshashlik” degan ma’nolarni anglatadi. Ushbu termin o‘z navbatida quyidagi ikki qismdan tarkib topgan: “ana-” ̶ qo‘shimcha ravishda, “-ga” qarab yoki orqali “logos” ̶ so‘z, tushuncha, fikr, nisbat va mutanosiblik.
Terminning o'zbekcha mazmuniy izohiYangi soʻz yoki shakllarning til tizimida mavjud boʻlgan qoidalar va namunalarga (analoglariga) qarab yasalishi hodisasi. Masalan, bolalarning tilni oʻrganish jarayonida grammatik qoidalarni yangi soʻzlarga oʻxshatib qoʻllashi. Til unsurlarining (so‘z yasalish, shakl yasalish na b. modellarining) o‘zaro qandaydir munosabat ta’sirida o‘xshashlik. kasb etishi, mahsuldor bo‘lgan hodisaning boshqasiga yoyilishidir. Masalan: Analogiya yo‘li bilan o‘zgarish. Analogiya asosida yasalish.
Termin uchun o'zbekcha misol—
Termin uchun o'zbekcha misol manbasi—
Terminning qirg'izcha nomiАналогия
Terminning qirg'izcha etimologiyasi(грек.analogia - окшоштук, шайкештик) – тилдин бир бирдигин башкасына формалдык ж-а семантикалык жактан окшоштуруу же тилдик бирдиктердин бир жубунун (сериясынын) ортосундагы карым-катышты башка бир жубуна (сериясына) көчүрүү.
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohiА-ны колдонуу кеп ишмердигине структуралык үлгүнү колдонуу ж-а анын негизинде жаңы бирдиктерди түзүү дегенди туюндурат. А. процессине түрдүү деңгээлдеги, түзүлүштөгү бирдиктер катыша берет. Ал эми натыйжасы түрдүү моделдерди, эрежелерди жалпылоодон ж-а анын башка бирдиктерге таралышынан көрүнөт. А. да тууроонун же окшоштуруп жаратуунун кандайдыр бир үлгүсү болот. Мисалы, "ат-аткана" үлгүсү боюнча китеп-китепкана, тоок-тооккана, аш-ашкана, оору-оорукана, иш-ишкана ж.б. пайда болгон, же "кой-койчу" үлгүсү боюнча окуу- окуучу, жазуу-жазуучу, сүрөт-сүрөтчү , сатуу-сатуучу ж.б. формалар жаралган. А. тилдин өнүгүүсүнүн ж-а кызмат аткаруусунун негизги фактору болуп эсептелүү м-н, сүйлөөчүгө белгилүү формалардан жаңы формаларды жеңил эле жаратуусуна мүмкүндүк берет. А. тилдин түзүлүшүнүн бардык деңгээлдеринде орун алып, өзгөчө, кичине балдардын эне тилин үйрөнүүсүндө, чет тилдерге үйрөтүүдө, дегеле кептин туруктуу ыкмаларын калыптандырууда чоң мааниге ээ. Мисалы, кичинекей бала тигил же бул структура же конструкция, форманы өздөштүрүү м-н, аны белгилүү бир класстын бардык бирдиктерине карата колдоно баштайт: мен-менче, сен-сенче, бала-балалар, киши-кишиче ж.б. Өзүнүн табияты ж-а натыйжалары жагынан А. эки тараптуу болот. Бир жагынан, уюштуруучу ж-а иретке салуучу башталма, тилдеги системалуулуктун куралы болуп саналса, экинчи жагынан, консервациялоочу ж-а консервативдүү эмес формалардын жаңы катарларын жараткан өзгөртүүчү башталма катары каралат.
Termin uchun qirg'izcha misol—
Termin uchun qirg'izcha misol manbasi—
Ko'rishlar soni4