Terminning qirg'izcha etimologiyasi
үңкүрлөрдүн боор-лорунда, аскаларда, айрым таштарда тартылган байыркы сүрөттөр. А. ж-ч. - палеолит доорунан алгачкы орто кылымга чейинки адамзат коомунун түрдүү доорлоруна тиешелүү эстеликтер.
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi
Алгачкы палеолиттик сүрөттөр -петроглифтер Түндүк Испаниядан, Франциянын түштүгүндөгү үңкүрлөрдөн, Уралдан, Кавказ тоолорунан, Чыгыш Сибирден, Кыргызстандан табылган. Окумуштуулар белгилегендей алгачкы сүрөттөрдө сыйкырдуу ж-а тотемдик маанидеги жаныбарлардын: өгүз, аюу, эчки-теке, бизон, мамонт, бугу, жылкы ж.б. сөлөкөтү тартылган. Кыргызстандын территориясында (Акчуңкур үңкүрү, Саймалыташ тоосу) табылган көп сандаган сүрөттөр, жазуу-чиймелер байыркы неолит дооруна, т.а., б.з.ч. 2-миң жылдыктан б.з. 1-миң жылдыгынын 1-жарымына чейинки мезгилге таандык. Мис., Саймалыташ өрөөнүндө 10 га жакын аянттагы ар түрдүү көлөмдөгү таштарга адамдын, эчки-теке, аркар, бугу, жылкы, төө, илбирс, жолборс, карышкыр, доңуз, ит, жыландын сөлөкөттөрү, күндүн сүрөтү тартылган. Алардын арасында тематикалык сүрөттөр да бар: адамдын тоо эчкиге жаа м-н аңчылык кылышы, бийлеп ж-а күрөшүп жаткан адамдар, өгүзгө чегилген буурсун м-н жер айдоо ж.б. А.ж.ч. байыркы адамдардын чарбасын ж-а рухий турмуш-тиричилигин изилдөөдө өтө баалуу материал болот. Мындай жазуу-чиймелер Чолпон-Ата шаарынын түндүк-батыш жагында да бир нече гектарга жакын аянттагы чоң-чоң таштарга чегилген.