info@gmail.com +998 99 741 35 23

Aniqlovchi — Аныктооч

Termin kartochkasi to'liqligi: 60%

Lug'atga qaytish
Terminning o'zbekcha nomiAniqlovchi
Terminning o'zbekcha etimologiyasiAniqlovchi terminining kelib chiqishi sof turkiycha “aniq”, “anuq” so’zidan kelib chiqqan. Mahmud Koshg’ariyning “Devonu lug‘atit turk” kitobida va qadimgi tilshunoslikga oid kitoblarda “anuq” shaklida qo‘llangan.
Terminning o'zbekcha mazmuniy izohiTermin sifatida XX asr boshlarida o’zbek tilshunoslari tomonidan sof turkiy asosga o’zbekcha qo’shimchalar (-la va -vchi) qo‘shish orqali yasalgan. Aniqlovchi (tilshunoslik atamasi) — o‘zbek tilida narsa-predmetning belgisini, xususiyatini yoki uning kimga tegishli ekanini bildiruvchi gapning ikkinchi darajali bo‘lagini ifodalovchi atama. Masalan: Chiroyli qiz kitob o‘qimoqda. (Chiroyli – sifatlovchi aniqlovchi).
Termin uchun o'zbekcha misol—
Termin uchun o'zbekcha misol manbasi—
Terminning qirg'izcha nomiАныктооч
Terminning qirg'izcha etimologiyasiсүйлөмдө заттын, окуянын, зат ордуна колдонулган сөздөрдүн сынын, сыпатын, мүнөзүн, санын, иретин же ал заттын башка затка таандык экендигин билдирүүчү айкындооч мүчө: Минген атың жакшы ат болсо, алысты жакындай көр. Даниярдын обону созолонуп, алыска кетипжатты. Бул сүйлөмдөрдөгү асты сызылган сөздөр – сүйлөмдүн А. мүчөлөрү. Алар өздөрүнөн кийинки айкындалгыч (ат, обону) сөздөрдүн сапатын же экинчи бир затка таандык экендигин билдирип турат. Демек, А-тор (башка айкындооч мүчөлөр сыяктуу) грамматикалык жактан баш мүчөлөрдүн бирине багыныңкы абалда турганы м-н, аларга маани жактан айкындык берет, сүйлөмдүн жалпы маанисин кеңейтип, толуктап турат.
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohiА-ту өзүнө багындырып турган сөз (сүйлөм мүчөсү) аныкталгыч деп аталат. Ал сүйлөмдүн баш мүчөсүнүн да, айкындооч мүчөсүнүн да, милдетин аткара берет: Ак көңүлдүн аты арыбайт. Эр даңкын эл билет. Адам болбос талаада Жалгыз жатып ыйладым (Токтогул). Бул сүйлөмдөрдөгү А-тор - ак көнүлдүн, эр(дин), адам болбос, аныкталгычтары – аты (сүйлөм ээси), даңкын (толуктооч), талаада (орун бышыктооч). А. м-н аныкталгыч атрибутивдик ички катышта болот. Алардын атрибутивдик катышы грамматикалык багыныңкы байланыштын ыкташуу ж-а таандык байланышы аркылуу тейленет. Экөөнүн ичинен эң байыркысы ж-а кеңири колдонулганы - ыкташуу байланышы. Ыкташуу жолу боюнча байланышкан А-тор аныкталгычка карата кандай?, кайсы?, канча?, нече?, канчанчы? деген суроолорго жооп болуп айтылса, таандык байланышта колдонулган А-тор кимдин?, эмненин? деген суроого жооп боло алат: Ырыс-тын (эмненин?) алды - ынтымак, ынтымагың кетсе, алдыңдан таяр алтын (кандай?) так.
Termin uchun qirg'izcha misol—
Termin uchun qirg'izcha misol manbasi—
Ko'rishlar soni5