Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | Epitet |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | Inglizcha epithet, yunoncha epitheton ‒ “qo‘shib aytilgan”, “sifatlovchi” so‘zidan kelib chiqqan. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | Epitet ‒ badiiy nutqda ifodaviylik va obrazlilikni kuchaytiruvchi sifatlovchi so‘z yoki iboradir. U predmetning biror belgisini kuchli hissiy bo‘yoq bilan ifodalaydi: “kumush sochlar”, “ko‘k dengiz”. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Эпитет |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | Эпитет(гр. – түшүндүрүү) – троптун бир нерсенин, окуянын, кубулуштун мүнөздүү бөтөнчөлүктөрүн көрсөтүп берүүчү түрү. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Мындай сөздөр (эпитеттер) буюмдун же окуя-кубулуштун сапатын, тек-жаатын, башкалардан айырмалуу касиетин индивидуалдаштырат, речти көркөмдөөгө жардам берет. Эпитеттер сөзсүз түрдө кайсы бир сөздү же сөз айкашын жандап келет. «Алтын өзөн», «Арстан Манас» десек, мындагы Эпитет сөздөр «алтын» жана «арстан» сөздөрүнөн кийинки «Өзөн» жана «Манас» деген сөздөрдүн негизги белгилерин бир кыйла күчөтүп, өтмө мааниде көрсөтүп турат. Эпитеттер зат атооч (күмүш зымдар, бойдок жигит), сын атооч (ак шумкар, жашыл жалбырак), сан атооч («токсон жыл кыргын болсо да, касиети кетпеген») ж. б. сөз түркүм-дөрүнөн түзүлөт. Эпитеттер туруктуу жана өзгөрүлмө болуп бөлүнөт. Туруктуу эпитеттер элдик оозеки чыгармаларда кеңири учурайт да, мындай учурда эпитет катары дайыма колдонулуп жүргөн даяр сөздөр мүнөздүү түшүнүктөрү менен кошо келет. Мисалы, Элемандын Эр Төштүк, Шер Манас, ак олпок, кызыл туу, ак сүт, ак чач ж. б. Өзгөрүлмөлүү эпитеттердин туруктуу сөздөрү жок, алар автордун максатына багындырылып колдонула берет. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 4 |