Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | Fe’l |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | Fe’l terminining etimologiyasi arab tiliga borib taqaladi. Fe’l arabcha فعل fi‘l – “harakat”, “amal”, “ish”, “bajarish” ma’nolarini anglatadi. Feʼl – harakat bildiruvchi so‘zlar turkumi va shu turkumga oid har bir soʻz tushuniladi. Grammatikada “harakat” soʻzi keng tushunchali boʻlib, nafaqat harakatni, balki holat yoki hodisani ham bildiradi, masalan: yugurmoq, sakramoq, yigʻlamoq, uxlamoq, oʻylamoq, sevmoq, tinchimoq, qurimoq. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | Fe’l – predmetning harakati, holati, jarayoni yoki mavjudlik holatini bildiruvchi mustaqil so‘z turkumidir. Fe’l gapda asosan kesim vazifasida keladi va shaxs, son, zamon, mayl hamda nisbat kabi grammatik kategoriyalarga ega bo‘ladi. So‘roqlari: nima qilmoq? nima bo‘lmoq? nima qilmoqda? nima qildi? nima qiladi? Masalan: o‘qimoq – harakat; yugurmoq – harakat; uxlamoq – holat; o‘smoq – jarayon; yashamoq – holat va jarayon. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Этиш |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | Этиш термини – байыркы түрк тилдеринен бери сакталып келе жаткан, таза өздүк лексикага таандык грамматикалык термин. Анын келип чыгышы заттын же дененин кыймыл-аракетине түздөн-түз байланыштуу. Бул сөздүн эң түпкү негизи «эт» (жасоо, кылуу, аткаруу) деген этиштен келип чыккан. Байыркы түрк жазууларында (мисалы, Орхон-Энесай эстеликтеринде) «эт-» уңгусу «иш кылуу», «жаратуу», «уюштуруу» маанисинде кеңири колдонулган. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Этиш – кыймыл-аракетти же болбосо зат, нерселердин ал абалын процесс катары белгилеген сөз түркүмү. Кыймыл-аракеттин (арала, иште, жаз) ошондой эле мейкиндикте орун алмашууну, ички сезимдик абалды, ал-абалдын өзгөрүшүн ж.б. кыймыл-аракет түрүндө көрсөткөн маанилерди камтыйт. Бул маанилер этишке мүнөздүү мамиле, ыңгай, чак жана жак категориялар аркылуу берилет. Этиштердин жакталуучу жана жакталбаган формалары бар. Жакталуучу этиштер сүйлөмдө баяндоочтун кызматында болсо, жакталбаган этиштер сүйлөмдүн бардык мүчөлөрүнүн функциясын аткара берет. Жакталбаган этиштерге чакчыл, атоочтук, кыймыл атоочтор кирет. Этиштер түзүлүшү боюнча жөнөкөй жана татаал болуп бөлүнүшөт, жөнөкөй этиштер бир гана сөздөн турат да, өз ара уңгу (жат, айт, тур ж.б.) жана туунду (ырда, бийле, дарылан, кабарла ж.б.) этиштерге ажырайт. Татаал этиштер эки же андан ашык сөздөрдүн айкалышынан турат. Жалпы жонунан татаал этиштерди эки топко бөлүүгө болот. Тил илиминде кыймыл-аракеттин объектиге болгон мамилесине карата этиштерди өтмө жана өтпөстөргө бөлүү салтка айланган. Эгерде этиштер затка тике багытталган кыймыл-аракетти билдирсе, анда алар өтмө этиштер болуп саналат да, кыймыл-аракет багытталган зат көбүнчө табыш жөндөмөсүндө турат. Өтпөс этиштер катары тыбыштан башка жөндөмөлөрдү талап кылуучу этиштерди эсептөөгө болот. Анткени алардын кыймыл-аракети бирдемени иштөө үчүн затка багытталбайт. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 8 |