Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | Fe’l nisbati |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | “Fe’l” va “nisbat” so‘zlaridan hosil bo‘lgan. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | Fe’l nisbatlari harakatning subyekt va obyektga munosabatini, ya’ni harakatning kim tomonidan va kimga nisbatan bajarilishini ifodalovchi grammatik kategoriyadir. U harakatning bajaruvchisi, ta’sir doirasi yoki o‘zaro munosabatini ko‘rsatadi. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Этиштин мамиле категориясы |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | Этиштин мамиле категориясы деген термин үч сөздөн «этиш», «мамиле», «категория» деген сөздөрдөн куралган болуп, «кыймыл-аракетти билдирген сөздөрдүн (этиштердин) ишти аткаруучу менен болгон өз ара грамматикалык байланышын, карым-катнашын туюндуруучу жалпы илимий белгилердин тутуму (тобу)» дегенди билдирет |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Этиштин мамиле категориясы этишке мүнөздүү категория. Кыймыл-аракеттин субъектиси менен объектисинин ортосундагы мамиле, б.а. сүйлөмдө ээлик милдет аткарган сөздүн же кыймыл аракеттин чыныгы аткаруучусунун субъект же объект экендигин аныктоочу мамиле. Ал катнаш атайын морфемалар менен берилет жана алар этиштин этиштин составында колдонуп, ал билдирген (туюндурган) кыймыл-аракетке канчалык катнашы бар экендигин көрсөтөт. Кыргыз тилинде этиштин беш мамиле формасы бар: негизги мамиле этиштик уңгу менен бирдей болот да, кыймыл-аракетти грамматикалык ээ аткарат. Өздҥк мамиленин формасы н, -ын; туюк мамиленин формасы -л, ыл; айрым учурларда -н, -ын; кош мамиленин формасы -ыш, ш; аркылуу мамиле көп мүчө аркылуу берилет. Анын семантикасы – баяндооч билдирген кыймыл-аракет грамматикалык ээ тарабынан аткарылбастан, анын демилгеси менен башкалар аркылуу аткарылат: Алым балдарга сочинение жаздырды. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 8 |