Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | Fonologiya |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | Ushbu termin yunoncha “phone” – “tovush, ovoz” va logos – “ta’limot, fan”. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | Tilshunoslikning nutq tovushlarini so‘z va morfemalarning tovush qobig‘ini farqlovchi vosita sifatida o‘rganuvchi bo‘limi. Fonologiya tovushlarning fiziologik yoki akustik tomonini emas, balki ularning til tizimidagi vazifasi va ma’no farqlash xususiyatini tadqiq qiladi. Uning asosiy birligi fonema hisoblanadi. Namuna: tol–dol, bel–kel, ot–it kabi juftliklarda fonemalarning almashishi ma’no farqlashga xizmat qiladi. Qiyos: Fonetika, fonema. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Фонология |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | Фонология гректин phone - тыбыш, logos - сөз, окуу деген сөздөрүнөн алынган. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Фонология – тил илиминин фонемалык бирдиктердин түзүлүшүн жана алардын тилде аткарган кызматын изилдеп үйрөтүүчү бөлүмү. Бул жагынан тилдеги тыбыштык бирдиктердин акустикалык жана артикуляциялык касиеттерин изилдөөчү фонетика тармагынан айырмаланат да, кээде функционалдык фонетика деп аталат. Фонологияда тыбыштык бирдиктердин жалпылыгы жана айырмачылыгы алардын тилде аткарган үч башка кызматына шайкеш каралат: 1) дистинктивдик кызмат – сөз жана сөз мүчөсүн тыбыштык жана маани жактан ажыратат. 2) делимитативдик кызмат – сөз жана сөз мүчөсүнүн чегин көрсөтөт. 3) кумулятивдик кызмат – сөз менен сөз формасынын фонетикалык бүтүндүгүн камсыз кылат. Ал көбүнчө басым жана үндөштүк менен ишке ашырылат. Фонологияда тыбыштык элементтер сегменттик жана суперсегменттик бирдиктер болуп экиге бөлүнөт. Булардын биринчисине тыбыш, фонема жана муун кирсе, суперсегменттик бирдиктер просодия деп да аталат. Сегменттик фонологиянын негизги бирдиги – фонема. Фонемалар парадигматикалык катыштын негизинде тилдик системада, синтагматикалык катыштын негизинде кепте жашайт. Фонологиялык белги дифференциалдык жана интегралдык болуп экиге жиктелет: дифференциалдык белги фонемаларды бири биринен айырмаласа, интегралдык белги аларды бириктирип жалпылаштырат. Мис., бал-бел-бил сөздөрүндөгү |а-е-и| үндүүлөрүнүн кең-кууштук белгиси |а-е| ж-а |и| фонемалары үчүн дифференциалдык белги болсо, |а-е| фонемалары үчүн интегралдык белгиге жатат. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 3 |