info@gmail.com +998 99 741 35 23

Lingvistik geografiya — Лингвистикалык география

Termin kartochkasi to'liqligi: 60%

Lug'atga qaytish
Terminning o'zbekcha nomiLingvistik geografiya
Terminning o'zbekcha etimologiyasiLingvistik termini lotincha lingua‒ “til” so‘zidan kelib chiqqan. Ushbu negizga yunoncha kelib chiqishga ega “-istikē (-istica)” elementi qo‘shilishi natijasida linguistica shakli hosil bo‘lgan bo‘lib, u “tilga oid”, “tilni ilmiy o‘rganishga taalluqli” ma’nolarini anglatadi. Mazkur termin fransuzcha (linguistique), nemischa (Linguistik), inglizcha (linguistic) va ruscha (лингвистический) shakllari orqali o‘zbek tiliga lingvistik ko‘rinishida o‘zlashgan. Geografiya termini qadimgi yunoncha geōgraphia (γεωγραφία) so‘zidan kelib chiqqan bo‘lib, u gē ‒ “yer” va graphō ‒ “yozaman”, “tasvirlayman” so‘zlarining birikishidan hosil bo‘lgan. Etimologik jihatdan “Yerning tasviri”, “Yer yuzini tavsiflash” degan ma’noni bildiradi. Keyinchalik bu termin lotincha geographia, Yevropa tillari va rus tilidagi география shakli orqali o‘zbek tiliga geografiya tarzida kirib kelgan. Lingvistik geografiya termini etimologik jihatdan “til hodisalarining geografik tarqalishini o‘rganuvchi fan” degan ma’noni anglatadi.
Terminning o'zbekcha mazmuniy izohiTilshunoslikda lingvistik geografiya til birliklari ‒ fonetik, leksik, grammatik va boshqa lingvistik hodisalarning muayyan hududlarda tarqalishi, ularning hududiy xususiyatlari hamda dialekt va shevalarning geografik chegaralarini o‘rganuvchi tilshunoslik yo‘nalishi hisoblanadi. Ushbu termin dialektologiya bilan chambarchas bog‘liq bo‘lib, til hodisalarining hududiy tarqalishini maxsus xaritalar va lingvistik atlaslar yordamida tadqiq etishga asoslanadi. Shuning uchun lingvistik geografiya zamonaviy dialektologiya va areal tilshunoslikning muhim nazariy hamda amaliy yo‘nalishlaridan biri sifatida e’tirof etiladi.
Termin uchun o'zbekcha misol—
Termin uchun o'zbekcha misol manbasi—
Terminning qirg'izcha nomiЛингвистикалык география
Terminning qirg'izcha etimologiyasiЛингвистикалык география – эки негизги компоненттен турган термин: «лингвистикалык» жана «география». Лингвистикалык – латынча lingua — «тил» деген сөздөн келип чыккан. Ага байланыштуу linguisticus формасы «тилге тиешелүү, тилдик» деген маанини билдирет. География —– байыркы грек тилиндеги gē (γῆ) — «жер» жана graphē (γραφή) – «жазуу, сүрөттөө» деген сөздөрдөн түзүлгөн. Демек, geographia – «жерди сүрөттөө» деген маанини билдирет. Ошондуктан «лингвистикалык география» сөзмө-сөз «тилдин географиялык таралышын изилдөө» деген түшүнүктү берет.
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohiЛингвистикалык география – тил илиминин тилдик кубулуштардын аймактарга таралышын изилдеген бир бөлүгү. Лингвистикалык география ареалдык лингвистикага тыгыз байланыштуу. Тилдеги диалектилик айырмачылыктарды, изоглосстордун жыйындысын же "лингвистикалык ландшафтты" лингвистикалык география изилдейт. Лингвитикалык географиянын пайда болушу жана өнүгүшү тилдеги диалектилик айырмачылыктардын картасын түзүү, диалектологиялык атлас түзүү жумуштарына байланыштуу. Мындай атластар ар түрдүү болушу ыктымал: бир эле тилдин айрым аймактарынын атласы, тектеш тилдердин топторунун атласы, тектеш эмес тилдердин таралыш, жайгашыш аймагынын атласы ж.б. Атластар картографиялык материалдардын өзгөчөлүгү боюнча айырмаланат. Мындай атластарда тилдеги диалектилик айырманын ар кандай деңгээлдери, диалектилик тарыхый өнүгүш процесстери чагылдырылат. Лингвитикалык география тилдин жана диалектилик кубулуштардын тарыхын, тилдик кубулуштардын таралыш өзгөчөлүктөрүн изилдөөгө чоң жардам берет. Тилдик байланыштарды изилдөө аркылуу бир нече элдердин, маданияттардын байланышын, карым-катышын, бири-бирине таасирлерин аныктоого болот. Лингвистикалык география 19-к. 70-80-жж пайда болгон. 1876-ж. Германияда Г.Венкер немец тилинин лингвистикалык атласын түзүүгө материалдарды топтой баштаган. 1926-ж. ал атластын бөлүктөрү басылып чыккан. Францияда 1902-10-жж. Ж. Жильерон жанa Э.Эдион тарабынан – Франциянын лингвистикалык атласы түзүлгөн. Бул эмгек роман жанa европа тил илимине чоң таасирин тийгизген. Андан кийин Италия, Румыния, Испания, Швейцария өлкөлөрүндө лингвистикалык атластар түзүлгөн. 20-к. экинчи жарымында дүйнөдө көптөгөн өлкөлөрдө улуттук тилдердин лингвистикалык атластары жазылган. Орус тил илиминде москвалык Р.И.Аванясов жанa анын окуучулары, о.э. ленинграддык (Санкт-Петербург) лингвогеографтар (В.М. Жирмунский, Б.А. Ларин, Ф.П. Филин ж.б) лингвистикалык географияны өнүктүрүүгө салым кошушкан. Кыргыз тил илиминде 90-жылдардан баштап Г.Бакинованын жетекчилиги менен диалектологиялык атласты түзүү иштери колго алынган жана ал түзүлүп бүткөн. Белгисиз себептерден улам ал атлас Француздарга өтүп (сатылып) кеткен.
Termin uchun qirg'izcha misol—
Termin uchun qirg'izcha misol manbasi—
Ko'rishlar soni8