info@gmail.com +998 99 741 35 23

Neologizm — Неологизм

Termin kartochkasi to'liqligi: 60%

Lug'atga qaytish
Terminning o'zbekcha nomiNeologizm
Terminning o'zbekcha etimologiyasiNeologizm atamasi fransuzcha néologisme orqali tilshunoslikka kirgan. Uning tarkibidagi yunoncha neo – “yangi”, logos – “so‘z, tushuncha” ma’nolarini bildiradi. Atama XIX asr boshlaridan “yangi so‘z yoki yangi ifoda” ma’nosida qo‘llana boshlagan.
Terminning o'zbekcha mazmuniy izohiNeologizm – tilda ma’lum davrda yangidan paydo bo‘lgan, yangi narsa, hodisa yoki tushunchani ifodalovchi so‘z, so‘z birikmasi yoxud mavjud so‘zning yangi ma’noda qo‘llanishidir. O‘zbek tilining ta’limiy korpusida ham yangi so‘zlar neologizm sifatida izohlanib, ular yangi yasalgan, yangi ma’no kasb etgan va boshqa tillardan yangi kirib kelgan birliklarga ajratiladi. Neologizmlar, odatda, fan-texnika taraqqiyoti, ijtimoiy-siyosiy o‘zgarishlar, madaniyat, globallashuv va yangi tushunchalarning yuzaga kelishi natijasida paydo bo‘ladi. Masalan: internet, marketing, reyting, audit kabi birliklar dastlab yangi so‘z sifatida qo‘llangan. Vaqt o‘tishi bilan ayrim neologizmlar keng ommalashib, tilning faol lug‘at tarkibiga singib ketadi.
Termin uchun o'zbekcha misol—
Termin uchun o'zbekcha misol manbasi—
Terminning qirg'izcha nomiНеологизм
Terminning qirg'izcha etimologiyasiНеологизм гректин neos «жаңы» + logos «сөз» деген сөздөрүнөн алынган болуп, жаӊы сөз деген маанини туюнтат.
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohiТилди жараткан жана анын ээси бол¬гон элдин коомдук-саясий турмушундагы маанилүү тарыхый окуялар менен чектелген белгилүү бир мезгилинде пайда болгон адабий тилдеги жаңы сѳздѳр, жаңы турук¬туу сѳз тизмектери жана жаңы маанилер деп аталат. Тилдин активдүү лексикалык курамына ѳтүп, тилде кеңири колдонулуп, маани-си жалпы калайыкка жеткиликтүү болгонго чейин неологизмдер пассивдүү сѳз ка-ражаттары катары гана колдонулат. «Неологизм» деген түшүнүктү тилдин өнүгүшүнүн бүгүнкү күнкү гана абалына карата түшүнбөстөн, ар кандай белгилүү тарыхый мезгилдеги тилдин абалына ка¬рай түшүнүүгө тийишпиз. Анткени, коом¬дун өнүгүшүнүн бир учуру үчүн жаңылыгы, кадимкидей эместиги сезилип турган сѳз мезгилдин өтүшү менен элдин сезиминде кадыресе эле сѳзгѳ айланып, кеңири колдонулуучу лексиканын катарына ѳтүп кетет. Кыргыз тилиндеги неологизмдер эки булактын негизинде пайда болуп жатат. 1.Ички булактын эсебинен, башкача айтканда, кыргыз тилинин мурдатан колдонуп келе жаткан тилдик каражаттарын пайдалануу менен жасалууда. Ички булактын эсебинен пайда болгон неологизмдерди ѳз кезегинде дагы экиге бөлүп көрсөтүүгө болот: а) жалпы тилдик булактын негизинде пайда болгон неологизмдер: демөөр, демѳѳрчү (спонсор), ишкер, ишкердик (пред¬приниматель / предпринимателдик), менчиктештирүү (приватизация), дыйкан чар¬ба, эмкана (поликлиника), майдангер (фронтовик), сапар (визит), сынак (конкурс) ж.б. Англис ишкери болсо бул жолку түшкөн шары менен дүйнөлүк турга чы¬гып, ийгиликтерге жетүүнү максат кылган («ZK»). Ишкерлик ишти илгерилетет («ZK»), Шарлотта үчүн чоң сынактар, б.а. концерттер башталат («ZK»). Талас аймагындагы Кырк-Казык айыл өкмөтүндөгү «Ырыс» дыйкан чарбасынын иши жѳнүндѳ эл арасында жылуу-жумшак сѳз болуп ке¬лет («ZK»)..., өткөрүлгөн марафон «Сиздин саламаттыңызга» деп аталып, бул «ОШ-3000» алкакта эмкана комплексин кѳркүнѳ келтирүүгө... багытталды («ZK»). Премьер-министр бул түштүк сапарында Чаткал районундагы геологиялык чалгындоо иштери менен да тике таанышат («ZK»). б) диалектилик булактын негизинде пайда болгон неологизмдер: ижара (арен-да), ижарачы (арендатор), идара (мекеме, канцелярия), буйрутма (заказ), астана (босого), токсондук (квартал), маара (фи¬ниш) ж.б. Мисалы: Жаңыдан келгенимде «Ысык-Кѳл» мейманканасында жашап жүрдүм, азыр ижарага чыкканы өзүмдү - Ата- Журтумда эле жүргөндөй сезип калдым («КМ»). Биздин жүзүбүз ошол ѳлкѳ астанасынан башталат («ZK»). ________________________________________
Termin uchun qirg'izcha misol—
Termin uchun qirg'izcha misol manbasi—
Ko'rishlar soni5