info@gmail.com +998 99 741 35 23

Nominatsiya — Номинация

Termin kartochkasi to'liqligi: 60%

Lug'atga qaytish
Terminning o'zbekcha nomiNominatsiya
Terminning o'zbekcha etimologiyasiNominatsiya termini lotincha nōminātiō – “nomlash, nom berish, atash” so‘zidan kelib chiqqan. U lotincha nōmen –“nom, ism” hamda nōmināre – “nomlamoq, atamoq” so‘zlari bilan bog‘liq. Tilshunoslikda nominatsiya tushunchasi borliqdagi narsa, hodisa, belgi yoki tushunchaga nom berish va uni til vositasida ifodalash jarayonini anglatadi.
Terminning o'zbekcha mazmuniy izohiNominatsiya – borliqdagi predmet, hodisa, belgi, harakat, holat va tushunchalarni nomlash, atash va ular uchun til birliklarini hosil qilish jarayonidir. Nominatsiya orqali inson ongida shakllangan tushunchalar til birliklari yordamida moddiy shaklga ega bo‘ladi. Nominatsiya jarayonida yangi so‘z, termin, so‘z birikmasi yoki boshqa nomlovchi birliklar yuzaga kelishi mumkin. Masalan: yangi texnologiya yoki tushuncha paydo bo‘lganda unga mos nomning yaratilishi nominatsiya jarayonining natijasidir. Sun’iy intellekt, raqamli ta’lim, videobloger kabi birliklar muayyan yangi tushunchalarni nomlash ehtiyoji asosida shakllangan. Nominatsiya birlamchi va ikkilamchi ko‘rinishda namoyon bo‘lishi mumkin. Birlamchi nominatsiyada yangi tushunchaga yangi nom beriladi. Ikkilamchi nominatsiyada esa mavjud til birligi yangi predmet yoki tushunchani atash uchun qayta qo‘llanadi. Masalan: sichqoncha so‘zining kompyuter qurilmasi nomi sifatida ishlatilishi ikkilamchi nominatsiyaga misol bo‘ladi. Nominatsiya tilning nominativ funksiyasi bilan bevosita bog‘liq. Biroq ular aynan bir tushuncha emas: nominativ funksiya tilning nomlash vazifasini bildirsa, nominatsiya shu nomlashning jarayoni va natijasini ifodalaydi.
Termin uchun o'zbekcha misol—
Termin uchun o'zbekcha misol manbasi—
Terminning qirg'izcha nomiНоминация
Terminning qirg'izcha etimologiyasiНоминация деген термини латын тилинин nomination сөзүнөн алынган болуп, атоо деген маанини туюнтат.
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohiНоминация – 1) тилдин номинативдик функциясы аркылуу мүнөздөлүүчү, б.а., атоо үчүн, реалдуу чындыктын көрүнүшүн, кубулуштарын бөлүп көрсөтүү үчүн ж-а алар жөнүндө тиешелүү түшүнүктү калыптандыруу үчүн сөз, сөз тизмектери түрүндө тилдик бирдиктердин жаралышы, пайда болушу. Демек, номинация бир жагынан атоо процессинин өзүн жана анын натыйжасында жаралган тилдик бирдикти да билдирет, экинчи жагынан, тил илиминин атоо процессин жана анын элементтерин изилдей турган бир бөлүмү катары да аныкталат. Ушул өңүттө номинация ономасиология менен да маанилеш түшүнүк катары белгиленет да, семантикага каршы коюлат. Өзүнчө лингвистикалык тармак катары Номинация тилдин баардык деңгээлдерине мүнөздүү жана анын теориясы тилдик бирдиктердин жаралышында, ушул процессте ойлоонун, аң сезимдин таасирин, мотивацияны, Номинациянын негизин түзгөн белгилерди тандоодо прагматикалык факторлордун ролун изилдөө жана сыпаттоо эсептелет. Изилдөөнүн максатына жараша ономасиологиялык жана семасиологиялык аспектиде каралат. Ономасиологиялык аспектиде «реалдуу көрүнүш (денотат) – смысл (сигнификат)» карым-катышы алынса, семасиологиялык мамиледе «смысл (сигнификат) – реалдуу көрүнүш (денотат)» катышы алынат да, нерсе жөнүндөгү түшүнүк реалдуу нерсени башка нерселерден, реалийлерден бөлүп көрсөтүү ыкмасы катары колдонулат. Ушул негизде үч мүчөлүү карым-катыш: нерсе – ал жөнүндө түшүнүк – аталыш, же семантикалык үч бурчтук аркылуу аныкталат. Нерсе аталыштын денотаты катары, түшүнүк сигнификат катары, аталыш акустикалык образ – тыбыштардын тизмектешүүсү катары аныкталат. Тилдик өнүгүүнүн бүгүнкү шартында Н. башка тилдерден өздөштүрүүлөр жана негизинен экинчи Номинация – кайра атоо аркылуу толукталат. Экинчи номинация да мурдатан эле тилде колдонулуп жүргөн бирдиктердин фонетикалык түзүлүшү эч өзгөрүүсүз эле жаңы аталуучунун аты катары колдонулат. Маселен, тилдеги бардык композиттердин аталышы экинчи номинация процессинин натыйжасы: алп – мурда эле бар, кара – мурда эле бар, куш – мурда эле бар, алпкаракуш экинчи аталыштагы жаңы ат. Демек, экинчи номинация натыйжасы морфологиялык, синтаксистик жактан туунду составдын семантикалык жаңы маани туюнтушу болуп эсептелет (жогорку мисалды кара). Мындан экинчи номинациянын жаралуу ыкмасы жаңы атты, атоону жаратууда колдонулуучу тилдик каражаттарга, эмнени жаңыча атоо зарыл болуп жаткандыгына жана денотат менен акустикалык образдын карым-катышына көз каранды, байланыштуу экендигин көрөбүз. Жаңы атоодо колдонулган каражаттардын тиби боюнча номинация төмөнкүчө бөлүнөт: жаңы сөздөрдү жана жаңы маанилерди жасоонун регулярдуу ыкмасы катары сөз жасоого; морфологиялык каражаттар лексикалык маанилерин өзгөртпөй, синтаксистик маанилерин өзгөртүүгө алып келишин көрсөткөн синтаксистик транспозицияга, экинчи номинацияланып жаткан бирдиктин материалдык облигин, фонетикалык түзүлүшүн эч өзгөртпөстөн, көп маанилүү сөздөрдүн, ар кыл типтеги фразеологизмдердин жаралышына алып келген семантикалык транспозиция. Көрүнүштү атоонун мүнөзү боюнча экинчи Номинация экиге бөлүнөт: автономдуу экинчи номинация жана атономдуу эмес же башкача айтканда кыйыр экинчи номинация Автономдуу экинчи номинацияда ошол сөздүн жаңы жасалган экинчи мааниси жеке, өз алдынча эле номаниативдик функцияга ээ болот да, көрүнүш-кубулушту автономдуу эле атоого жөндөмдүү. Ал эми автономдуу эмес же кыйыр экинчи номинацияда аталуучу көрүнүш менен анын атоосу кыйыр карым-катышта болот, б.а. жаңы аталуучу көрүнүштүн мурунку семантикасы кийинки атоо (сөз) үчүн негиз, таяныч болот. Экинчи номинациянын бардык түрлөрү адамдын ойлоо мүмкүнчүлүгүнүн ассоциативдик мүнөзү менен тыгыз байланышкан, б.а. экинчи аталуучу турмуштук көрүнүштөрдөгү айрым бир окшоштуктар жана бирдиктер мурдагы биринчи номинация дагы сөздөрдүн маанисиндеги сапат касиеттер менен салыштырылып ассоциация аныкталат да, ушунун негизинде мурдагы сөздүн мааниси кайра каралуу менен, сөздүн экинчи номинациясы жаралат. Мурдагы эле сөздөрдүн маанилерин кайра кароо экинчи номинацияда көп маанилүүлүктү жаратуучу метафора, метонимия жана функционалдык көп маанилүүлүк аркылуу ишке ашат. Экинчи номинация тилдин лексикалык составында гана болуучу нерсе эмес, ал морфологиялык структурада да, синтаксистик конструкцияларда кездешүүчү универсалдык процесс, б.а. тилдик системанын бардык деңгээлинде кездешет да, тилдик өнүгүүнүн ички законченемине шайкеш келет жана тилдик социумдун жаңы атоолорго болгон муктаждыктарын канааттандыруунун каражаты катары жалпы колдонулуучу сөздүк кордун түзүлүшүн, лексикалык баюуну шарттайт.
Termin uchun qirg'izcha misol—
Termin uchun qirg'izcha misol manbasi—
Ko'rishlar soni4