Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | Olmosh |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | Olmosh termini turkiy olmoq fe’li bilan bog‘liq bo‘lib, “o‘rnini egallamoq”, “o‘rniga qo‘llanmoq” ma’nolarini anglatadi. Termin tarkibidagi ma’no olmoshning boshqa so‘zlar o‘rnida qo‘llanish xususiyatini aks ettiradi. Shu jihatdan olmosh “boshqa so‘z o‘rnida qo‘llanuvchi birlik” mazmunini bildiradi. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | Olmosh ot, sifat, son kabi mustaqil so‘z turkumlari o‘rnida qo‘llanib, predmet, belgi, miqdor yoki boshqa tushunchalarni aniq nomlamasdan, umumiy tarzda ko‘rsatadigan so‘z turkumidir. Olmoshlar nutqda takrorning oldini olish, fikrni ixcham va ravon ifodalashga xizmat qiladi. Masalan, men, sen, u, bu, kim, nima, qanday, qancha kabi so‘zlar olmosh hisoblanadi. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Ат атооч |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | Ат атооч кыргыз тилинин төл сөздөрү «ат» жана «атооч» деген эки компоненттен түзүлгөн. Ат – «ысым, аталыш» деген маанини билдирет. Грамматикада ат сөзү заттын, нерсенин же түшүнүктүн атын билдирүү маанисинде колдонулат. Атооч – ат- этишинен жана -ооч мүчөсүнөн жасалган. Атоо – «ат берүү, атын айтуу, белгилөө» деген маанини билдирет. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Затты же анын белгилерин атабай туруп, аларды жалпы мааниде көрсөтүүчү сөздөр ат атоочтор деп аталат. Тилде ат атооч эң байыркы убактардан тартып эле колдонулган. Бул анын колдонулууга ыңгайлуулугу менен байланыштуу. Ат атоочтун негизги мүнөздүү өзгөчөлүгү-маанисинин абстракттуулугу жана жалпылыгы. Ат атооч сөздө башка сөз түркүмдөрүнүн ордуна колдонулат. Ат атоочтордун башка сөз түркүмдөрүнөн айырмалап көрсөтүүчү грамматикалык белгиси жок. Өзүнө тиешелүү суроолору да жок. Ат атооч сөздөр кайсы сөз түркүмүнүн ордуна колдонулса, ошол сөз түркүмүнүн суроосуна жооп берет жана ошол сөз түркүмүнүн грамматикалык категориялары менен өзгөрүүгө учурайт. Ат атоочтор башка сөз түркүмдөрүнөн негизинен лексикалык мааниси боюнча айырмаланат. Алар мааниси боюнча өзүнчө сөз түркүмү катары лексикалык фондудан бөлүнүп чыккан. Ат атоочтордун морфологиялык өзгөчөлүгү катарында жөндөлгөндө, алардын кээ бирөөлөрүнүн уңгусунун өзгөрүп кетишин гана атоого болот. Мисалы: мен, менин, мага, мени, менде, менден; ал, анын, ага, аны, анда, андан ж.б. Ат атоочтор мүчөнүн жардамы менен башка сөз түркүмүнөн жасалбайт. Татаал ат атоочтор гана сөз жасоонун синтаксистик жолу менен жасалышына ээ. Мисалы: алда кандай, алда не, ар ким, кайсы бир, кимдир бирөө, эч кандай, эч ким, эч качан ж.б. Ат атоочтор маанисине карай төмөнкү топторго бөлүнөт: Жактама: мен, биз (1-жак); сен,сиз, силер, сиздер(2-жак); ал,алар (3-жак). Шилтеме: бу (бул), ушу (ушул), ошо (ошол), тиги (тигил), тетиги (тетигил). Сурама: ким? эмне? не? кандай? кайсы? канча? нече? качан? кайда? кайдан? Аныктама: бүтүн, бүткүл, баары, ар ким, ар бир, өз ж.б. Белгисиз: кимдир бирөө, бир нерсе, кандайдыр, алда кандай, алда ким ж.б. Таңгыч: эч ким, эч нерсе, эч бир, эч качан, эч нерсе ж.б. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 4 |