Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | Omonimiya |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | Omonimiya termini qadimgi yunoncha homonymia (ὁμωνυμία) so‘zidan kelib chiqqan bo‘lib, “bir nomlilik”, “nomi bir xillik” ma’nolarini anglatadi. Ushbu so‘z homos - “bir xil” va onyma - “nom” so‘zlaridan tashkil topgan. Termin tarkibidagi qismlar shakli yoki nomlanishi bir xil, ammo ma’nosi farqli bo‘lgan birliklar o‘rtasidagi hodisani ifodalaydi. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | Omonimiya shaklan bir xil, ammo lug‘aviy ma’nosi turlicha va o‘zaro semantik jihatdan bog‘lanmagan til birliklari o‘rtasidagi munosabat hodisasidir. Omonimlar yozilishi va talaffuzi bir xil bo‘lishi mumkin, biroq ular turli tushunchalarni ifodalaydi. Masalan, ot so‘zi “hayvon” va “nom” ma’nolarida qo‘llanib, omonimiya hodisasini yuzaga keltiradi. Omonimiya tilning lug‘aviy boyligi va so‘zlarning ma’no xususiyatlarini o‘rganishda muhim hodisalardan biridir. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Омонимия |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | Омонимия термини грек тилиндеги homonymia сөзүнөн алынган болуп, бирдей аталыш, окшош аталыш деген маанини билдирет. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Омонимия – маанилик жактан байланышсыз тилдик бирдиктердин тыбыштык жактан бирдей айтылып окшошуп калуучулугу. Омонимиянын негизинде бирдей айтылып, тыбыштык жактан окшошуп калган сөздөр омонимдер деп аталса, ушул сөздөрдү изилдөөчү тармак омонимия деп аталат. Демек, омонимия бир жагынан, бир тилдеги омонимдердин жалпы жыйындысын билдирсе, экинчи жагынан, тил илиминин омонимдерди изилдөөчү бир бөлүмү катары аныкталат. Омонимдик карым-катышта турган тилдик бирдиктердин өзгөчөлүгүнө жараша омонимия лексикалык жана грамматикалык болуп бөлүнөт. Лексикалык омонимия маанилик жактан эч карым-катышсыз турган сөздөрдүн бирдей айтылып калышы аркылуу мүнөздөлөт да, ассоциативдик байланышсыз болот. Демек, тарыхый генетикалык да, денотативдик да жактан бири-бири менен байланышпаган түшүнүктөрдү бирдей тыбыштык тизмектер аркылуу атоодон улам пайда болгон тилдик көрүнүш катары омонимия полисемиядан кескин айырмаланат. Тилде омонимия төмөнкүдөй жолдор аркылуу пайда болот: тилдин тарыхый өнүгүү этабында фонетикалык ар кандай өзгөрүүлөрдүн натыйжасында мурда ар башкача эле тыбыштык комплекстеги сөздөр тыбыштык бирдей тизмекте, бирдей турпатта болуп калышат да, бирдей айтылат. Мис., ат – бирөөнүн ысмы, ат – жылкы, ат – мылтык ат; шак – бозонун шагы, шак – бак; буу – газ, буу – байла. чет тилдерден кабыл алынган сөздөр менен төл сөздөр тыбыштык жактан окшошуп калат: карта – жылкынын ич эти, карта – ойной турган буюм, карта – атлас, жер шарынын сүрөтү, кабак – эңкейиш, кабак – кафе. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 3 |