Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | Orttirma daraja |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | Orttirma daraja termini turkiy orttirmoq va arabcha daraja so‘zlaridan tashkil topgan. Orttirmoq - “ko‘paytirmoq”, “kuchaytirmoq”, “oshirmoq” ma’nolarini, daraja esa arabcha daraja - “bosqich”, “pog‘ona”, “me’yor” ma’nolarini bildiradi. Ushbu so‘zlarning birikishi orqali belgining kuchaygan yoki yuqori darajada ekanligini ifodalovchi grammatik termin hosil bo‘lgan. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | Orttirma daraja belgining odatdagi yoki qiyosiy holatga nisbatan eng yuqori, kuchli yoki orttirilgan darajasini bildiruvchi sifat darajasidir. U biror predmet yoki shaxsdagi belgining boshqalarga nisbatan yuqori darajada ekanligini ifodalash uchun qo‘llanadi. O‘zbek tilida orttirma daraja eng, juda, nihoyatda, g‘oyat kabi kuchaytiruvchi vositalar yordamida ifodalanadi. Masalan, eng chiroyli, juda katta, nihoyatda muhim, g‘oyat go‘zal birikmalarida belgining yuqori darajasi ifodalangan. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Күчөтмө даража |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | Күчөтмө даража – кыргыз тилинин грамматикалык терминдеринин бири. Термин «күчөтмө» жана «даража» деген эки сөздөн түзүлгөн. Күчөтмө – кыргыз тилиндеги төл сөз. Ал күч деген зат атоочтон келип чыккан. Күч – «кубат, дарамет, таасир, интенсивдүүлүк» деген маанилерди билдирет. -өт- мүчөсү кыймылдын күчөтүлүшүн же бир нерсеге таасир эттирүүнү билдирип, күчөт- – «күчүн арттыруу, күчтүү кылуу» маанисин берет. Ал эми -мө мүчөсү кыймыл-аракеттин натыйжасын же белгисин билдирип, күчөтмө сөзүн түзөт. Даража «баскыч, деңгээл, өлчөм» деген маанилерди билдирет. Кыргыз тилинин грамматикасында даража – белгинин күчүнүн же өлчөмүнүн ар кандай деңгээлин билдирген түшүнүк. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Күчөтмө даража заттагы белги нормалдуу белгиден өтө эле айырмалуу экендигин көрсөтөт да, төмөнкүдөй жолдор менен жасалат: 1. Эн, абдан, өтө, аябай деген бөлүкчөлөрдүн кошулуп айтылышы менен жасалат. Мисалы: Мугалимдик кесип - өтө татаал кесип. Өтө жаш өлүм өкүнтөт. Эң ачуу да тил, эң таттуу да тил. Өтө кызыл тез оңот. Өтө кызыл, өтө жаш, эң ачуу, эң таттуу - сын атооч, күчөтмө даража, аныктооч. Сүйлөмдө өтө кызыл деген сөз түпкү мааниси сын атооч болгону менен затташкан сын атооч болуп ээлик милдет аткарды. 2. Сын атооч сөзгө анын башкы муунунан кыскартылып, п тыбышын кошуп жалгоо аркылуу. Бул типтеги бөлүкчөлөр сөз алды мүчө сыяктуу сын атооч менен бирге жазылат: кызыл – кыпкызыл; сары – сапсары; кара – капкара; узун - упузун ж.б. Мисалы: Кырман сапсары данга толду. Күз келип, сапсары жалбырактар жерге түштү. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 1 |