info@gmail.com +998 99 741 35 23

Ot — Зат атооч

Termin kartochkasi to'liqligi: 60%

Lug'atga qaytish
Terminning o'zbekcha nomiOt
Terminning o'zbekcha etimologiyasi“Ot” termini qadimgi turkiy at so‘zidan kelib chiqqan bo‘lib, dastlab “nom”, “atash”, “nomlash” ma’nolarini bildirgan. Qadimgi turkiy tillarda at shaklida qo‘llangan ushbu birlik keyinchalik fonetik o‘zgarish natijasida o‘zbek tilida ot shakliga kelgan. Termin nomlash va predmetlarga nom berish bilan bog‘liq semantik mazmunni ifodalaydi.
Terminning o'zbekcha mazmuniy izohiOt predmetlik ma’nosini bildiradigan, shaxs, narsa, hodisa, voqea, joy, belgi-holat va turli tushunchalarning nomini ifodalovchi mustaqil so‘z turkumidir. Otlar kim? nima? qayer? kabi so‘roqlarga javob bo‘lib, birlik va ko‘plik, egalik, kelishik kabi grammatik kategoriyalarga ega bo‘ladi. Gapda otlar ko‘pincha ega, to‘ldiruvchi, aniqlovchi, kesim va hol kabi sintaktik vazifalarda qo‘llanadi. Mazmuniga ko‘ra otlar atoqli va turdosh otlarga, tuzilishiga ko‘ra esa sodda, qo‘shma, juft va takroriy otlarga ajratiladi.
Termin uchun o'zbekcha misol—
Termin uchun o'zbekcha misol manbasi—
Terminning qirg'izcha nomiЗат атооч
Terminning qirg'izcha etimologiyasiЗат атооч термини «зат» жана «атооч» деген эки сөздөн түзүлгөн. Зат – «нерсе, буюм, кубулуш, болмуш» маанисинде колдонулат. Атооч – кыргыз тилиндеги «атоо» этишине байланыштуу жасалган сөз. Атоо – «ат берүү, атын белгилөө, атын айтуу» деген маанини билдирет. Атооч – «атаган, атын билдирген» деген мааниге жакын.
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohiЗат атоочтор заттын же заттык маанидеги түшүнүктөрдүн атын билдирет. Ким? эмне? деген суроолорго жооп берген сөздөрдүн баары зат атоочтордун тобуна кирет. Ким? деген суроо дайыма адамга жана адам менен байланышкан сөздөргө берилсе, эмне? деген суроо адамдын башка бардык жандуу, жансыз заттарга берилет. Зат атоочтор морфологиялык жактан атайын грамматикалык категорияларга ээ. Алар төмөнкүлөр: сан категориясы (бала-балдар), таандык категориясы (менин китебим, сенин китебиң), жак категориясы (окуучумун, окуучусуң), жөндөмө категориясы (бала - баланын - балага - баланы -балада - баладан). Булардын ичинен сан жана жак категориясы этишке да тиешелүү (мен жаздым, силер жаздыңар). Синтаксистик кызматы жагынан зат атоочторго, негизинен, ээлик жана толуктоочтук милдетти аткаруу мүнөздүү: Ушундай ой менен Чаргын районго жөнөдү (Т. С). Окуу башталганча мектепти оңдоп бүтөбүз (К. Б.). Ээлик, толуктоочтук милдетти айрым башка сөз түркүмдөрү да (мисалы, сын атоочтор, сан атоочтор ж.б) аткара алат, бирок мындай учурда алар көбүнчө затташып, заттык мааниде колдонулат: Жашыл оңбос болсочу, жаш карыбас болсочу (Токтогул). Онду бүткөндөн кийин жашылча бригадасында иштеп калдым. Зат атоочтор ээлик, толуктоочтук милдеттен башка аныктоочтук, баяндоочтук, бышыктоочтук милдетти да аткара берет: Жанында келе жаткан - Нуркасым (К. Б.). Бир аздан кийин темир дарбаза да ачылды («Кырг. аял»). Садык акемдин бул каты да Саратов шаарынан келиптир (Ч.А.). Зат атоочтор морфологиялык түзүлүшүнө карай тубаса зат атооч жана туунду зат атооч болуп экиге бөлүнөт. Зат атоочтор маани жактан болгон өзгөчөлүктөрүнө жана ага байланыштуу келип чыккан айрым грамматикалык бөтөнчөлүктөрүнө карай энчилүү ат, жалпы ат, конкреттүү зат атоочтор, абстракттуу (жалпыланган маанидеги) зат атоочтор, ошондой эле буюмдук (вещественные) зат атоочтор жана жамдама маанисиндеги (собирательные) зат атоочтор болуп бөлүнөт.
Termin uchun qirg'izcha misol—
Termin uchun qirg'izcha misol manbasi—
Ko'rishlar soni1