Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | O‘tgan zamon |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | “O‘tgan zamon” termini “o‘tmoq” fe’li asosida hosil bo‘lgan “o‘tgan” so‘zi hamda “zamon” so‘zining birikishidan shakllangan. “O‘tmoq” fe’li lug‘aviy jihatdan biror holat yoki vaqtdan o‘tish, kechish ma’nolarini anglatadi. “O‘tgan” shakli esa sodir bo‘lib, nutq paytidan oldin qolgan harakat yoki holatni bildiradi. “Zamon” so‘zi tilshunoslikda ish-harakatning bajarilish vaqtini ko‘rsatuvchi grammatik kategoriyani anglatadi. Shu asosda “o‘tgan zamon” termini nutq paytidan oldin sodir bo‘lgan ish-harakat yoki holatni ifodalovchi grammatik zamon shaklini bildiradi. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | O‘tgan zamon — ish-harakat yoki holatning nutq paytidan oldin sodir bo‘lganini bildiruvchi fe’l zamon shaklidir. U so‘zlovchining harakat yoki holatning allaqachon yuz berganini ko‘rsatishiga xizmat qiladi. O‘zbek tilida o‘tgan zamon turli grammatik shakllar orqali ifodalanib, harakatning bajarilganligi, davomiyligi yoki so‘zlovchining uni qanday manbadan bilishi kabi ma’nolarni ham ifodalashi mumkin.Masalan: Men kecha kutubxonaga bordim. Bu gapda bordim fe’li harakatning nutq paytidan oldin, ya’ni kecha sodir bo‘lganini bildiradi. Shuningdek, U kitobni o‘qigan gapida o‘qigan fe’li ham harakatning o‘tgan zamonda bajarilganligini ifodalaydi. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Өткөн чак |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | Өткөн чак термини эки сөздөн турат: Өткөн сөзү өт- этишинен келип чыккан. -көн – өт- этишинин өткөн чактык/атоочтук формасын түзгөн мүчө: өт- + -көн → өткөн. Ошентип, өткөн сөзүнүн негизги мааниси — болуп кеткен, артта калган, мурда болгон. Чак деген сөз убакыт, мезгил, учур дегенди билдирет. Грамматикада чак – кыймыл-аракеттин убакытка болгон катышын билдирген категория. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Өткөн чак сүйлөнүп жаткан мезгилден мурун болгон кыймыл-аракетти билгизет, кыймыл-аракет ар түрдүү кырдаалда жана ар кандай мезгилде болгондугуна карата өткөн чак өз ара төмөнкүдөй болуп бөлүнөт: 1. Айкын өткөн чак. Айкын өткөн чактын морфологиялык белгиси -ды мүчөсү. Ал кыймыл-аракеттин аткарылгандыгы сүйлөөчү үчүн айкын-ачык болгон учурда колдонулат. Айкын өткөн чак да сүйлөнгөн мезгилге эч бир тиешеси жок, жалпы эле кыймыл-аракетти билдирет. Бул мааниде ал өтө сейрек түрдө макал-лакаптардан, насыят ырлардан учурайт: Жардылык сени кантейин, Жандай досту жат кылдың. Карылык сени кантейин, Сүйлөр сөзгө мерт кылдың. 2. Жалпы өткөн чак. Өткөн чактын бул түрү этишке –ган мүчөсүнүн жалганышы аркылуу жасалат. -ган мүчөлүү этиш, жак мүчөсү жалганып, баяндоочтук милдетти аткарып турганда, өткөн иштин фактысын сүйлөнгөн мезгил үчүн баяндайт. 3. Капыскы өткөн чак. Капыскы өткөн чактын морфологиялык мүчөсү – ып, -ыптыр. 4. Адат өткөн чак. Өткөн чактын бул түрү адаттанган сыяктуу дайыма болгон кыймыл-аракетти билдирет. Мунун морфологиялык формасы болуп –чу, -оочу,-уучу, -ышчу мүчөсү эсептелет. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 4 |