Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | Payt holi |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | Payt holi termini payt va hol so‘zlaridan tashkil topgan. Payt so‘zi arabcha vaqt ma’nosidagi birlik bilan bog‘liq bo‘lib, “muayyan vaqt, fursat, zamon” ma’nolarini anglatadi. Hol so‘zi ham arabcha ḥāl – “ahvol, vaziyat, holat” ma’nolaridan kelib chiqqan. Grammatikada esa hol ish-harakatning qanday sharoitda, qachon, qayerda yoki qay tarzda bajarilishini ko‘rsatuvchi ikkinchi darajali gap bo‘lagi nomidir. Shu asosda payt holi atamasi “ish-harakatning bajarilish vaqtini bildiruvchi hol” degan mazmunni anglatadi. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | Payt holi – gapda kesim orqali ifodalangan ish-harakat yoki holatning qachon, qachongacha, qachondan boshlab, qancha vaqt davomida yoki qay vaqt oralig‘ida bajarilganini bildiruvchi ikkinchi darajali gap bo‘lagidir. U, asosan, fe’l-kesimga bog‘lanib, harakatning vaqtga munosabatini aniqlaydi. Payt holi qachon? qachongacha? qachondan beri? qachondan boshlab? qancha vaqt? kabi so‘roqlarga javob beradi. Masalan: Bugun universitetga bordim gapida bugun so‘zi harakatning qachon bajarilganini bildirgani uchun payt holi hisoblanadi. U ertalab dars tayyorladi gapida esa ertalab so‘zi payt holi vazifasida kelgan. Payt holi ravish, ot, ravishdosh, son va boshqa so‘z shakllari orqali ifodalanishi mumkin: kecha keldi, ertalab yo‘lga chiqdi, darsdan keyin uchrashdik, ikki soat kutdik, kelguncha kutaman. Payt holining ifodalanishi faqat payt ravishlari bilan chegaralanmaydi. Mazmuniga ko‘ra payt holi aniq vaqtni (bugun, kecha, ertalab), davomiylikni (ikki soat, kun bo‘yi), vaqt chegarasini (kechgacha, tonggacha) yoki vaqtning boshlanish nuqtasini (ertalabdan, bolalikdan beri) ifodalashi mumkin. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Мезгил бышыктооч |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | Мезгил бышыктооч эки сөздөн турат: «Мезгил» – «убакыт, учур, заман» маанисине байланыштуу. «Бышыктооч» – кыймыл-аракеттин шартын, мезгилин, ордун, сыпатын ж.б. бышыктап билдирген сүйлөм мүчөсү. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Кыймыл-аракеттин болгон, болуп жаткан, боло турган мезгилин кѳрсѳтѳт: ка¬чан? качанга чейин? качантан бери? деген суроолорго жооп берет. Анын милдетин: 1) Жѳнѳкѳй жана татаал формадагы мезгил тактоочтор аткарат: Жакында эки райондун күлүктѳрүнүн жарышы болот (К.К.)- Бул иш азыр да кызуу улантылууда («СК»). Бороон тун бою улуйт (К.О.). Саякатка кеткен пионерлер бүгүн-эртеңдерден келип калат («КП»). Кээде бир мезгил тактооч менен экинчи мезгил тактооч айкашып келип, тутумдаш мезгил бышыктооч уюшулат: кыймыл- аракеттин болгон мезгилин тактап, конкреттештирип корсотот: Бүгүн кечинде чоң концерт болмок (К.К.). Суусамырдан кечээ кечкурун келдик («СК»). Ал былтыр күзүндѳ армияга кеткен (К.Б.). Быйыл жазында эгин айдоодо райондун ошол зонасында мен ѳзүм болдум (К.Б.). 2) Жаз, жай, куз, кыш, шашке, бешим, кѳктѳм деген сыяктуу мезгилдик маанидеги зат атоочтор жатыш жѳндемеде келип, мезгил бышыктоочтук милдетти аткарат: Жазда жер оодарар соколорду оңдоп жатышкан (Ч.А.). Бешимде Кызыл-Кыянын ары бетине аштык (М.Э.). Чоң ата, чоң энеси күздѳ келте оорудан каза тапкан (К.Б.). Кээде бул сѳздѳрдүн алдына кеч, эрте, ѳткѳн, келген, эмдиги, аркы деген сыяк¬туу сѳздѳр айкашып айтылып, алардын мезгилдик маанисин конкреттештирип кѳрсѳтѳт, тутумдаш бышыктооч уюшулат: Серкебай ѳткѳн күздѳ атасынын ашын берди (К.О.). Саадайдыкына экинчи жолу кеч бешимде кайрылды (К,О.). Алар кыштоодон эрте жазда кочуп кетишти (К.Ж.). Аркы жумада малчыларга лекция окушка барабыз. 3) Ар түрдүү формадагы чакчылдар ат¬карат: Чатактын түйүнү бара чечилер (Т.С.). Иштин ал-жайына келип түшүндүм. Бул ишти бүтмѳйүнчѳ кетпейм. Андан кеткени кабар жок. Аттангыча жей тур! (К.Ж.). 4) Аягына жатыш, кээде чыгыш жѳндѳмѳнүн мүчѳсү жалганган жѳнѳкѳй жана татаал формадагы атоочтуктар аткарат: Адамдын асылы ѳлгѳндѳ билинет (макал). Атам менен Алексей үйгѳ киргенден сүйлѳшүп отурушту (С.Ѳ.). Келериңде дүнүйѳ, толукшуп чыккан айдайсың. Кетериңде дүнүйѳ, суу жетпеген сайдайсың (Токтогул). Кулу жүдѳп баратканда айылдагылардан акы сурады (С.О,). Данияр бара жатканда аттарды тындырбай айдап жүрүп отурду (Ч.А.). 5) Мезгилдик маанидеги айрым сѳздѳргѳ таандык жана жатыш, чыгыш жѳндѳмѳлѳрдүн мүчѳсү жалганып келип, мезгил бышыктооч болот: Антпей бардыгына жашыңдан үйрѳн (С.Ѳ.). Сүрѳт тартууга кичинемден эле колум эптүү эле (С.Ѳ.). Жашында жигит шок болот, карыганда токтолот (макал). 6) Мезгил бышыктоочтун (тутумдаш) милдетин түрдүү жолдор менен уюшулган синтаксистик ажырагыс сѳз айкаштары аткарат: Алар ошол учурда тике карашкандай болушту (Ч.А.). Бир кезде эшик алды¬на араба токтоду (К.Б.). Бир күнү күүгүм талаш сонун кийинген бир келин келип калды (К.Ж.). Ошондо биз планды он сегиз күндѳ аткарган болобуз (К.Б.). Ага дем алуу убактысында кирели (С.0.). Жаш чагымда бир баскан, жай айтышып сырдашкан (О.Б.). Мындай окуя менчиктештирүү мезгилинде да болгон (С.Ѳ.). Түш оой калаага жеттик (Т.С.). Жайлоого таң ата жеттик (Ч.А.). 7) Жатыш жѳндѳмѳдѳгү атоочтукка бар, жок, кез, убак деген сѳздѳрго бир нече сѳздүн айкашып айтылышы менен уюшул¬ган сѳз тизмектери тутумдаш бышыктооч болуп келет: Мерчемдүү жерге жеткеде Дѳѳлѳт тизгинин жыйды (К. О.). Үйгѳ кирерде баары мени тегеректеп калышты (К.О.). Атың барда жер тааны, атаң бар¬да, эл тааны. Ордѳк жокто чулдук бий (макалдар). Мария энеси тирүү кезде мектепке барып жүрүүчү (Т.С.). 8) Фразеологиялык айкаштар аткарат: Кѳз ачып жумганча кѳңүлүнѳ алда канча ойлор келип кетти (К.Ж.). Кырманга каш карайганда жеттим (Ч.А.). Бешиктен белиң чыга электе энеңди жуттуң (Е.О.). Иштин эмне болуп кеткени Дүйшѳнкулдарга кирпик ирмегенче түшүнүктүү болду (К.О.). 9) Жатыш жѳндѳмѳдѳгү затташкан эсептик сандар аткарат: Ал он алтысында ата- энеден жетим калат (К.Ж.). Отузуңда ордо бузсаң, кыркыңда кырдан аша албайсың (макал). Он экиде чыгып, сегизде араң келди («Жаштык сапар»). 10) Мезгил бышыктоочтун (тутумдаш мезгил бышыктоочтун) милдетин жандоочтук айкаштар аткарат. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 4 |