Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | Polisemiya |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | Polisemiya termini qadimgi yunoncha poly- – “ko‘p” va sēma – “belgi, ma’no” so‘zlaridan tarkib topgan. Shunga ko‘ra, polisemiya lug‘aviy jihatdan “ko‘p ma’nolilik” tushunchasini anglatadi. O‘zbekiston Milliy Ensiklopediyasi manbasida ham polisemiya “ko‘p ma’nolilik” sifatida izohlanadi. Termin tilshunoslikda bir til birligining, ayniqsa bir leksemaning, o‘zaro semantik jihatdan bog‘liq bo‘lgan bir nechta ma’noga ega bo‘lishini ifodalash uchun qo‘llanadi. Polisemiya leksikologiyaning muhim masalalaridan biri bo‘lib, so‘z ma’nolarining taraqqiyoti va o‘zaro munosabatini o‘rganishda katta ahamiyatga ega. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | Polisemiya – bir so‘zning ikki yoki undan ortiq, o‘zaro ma’noviy bog‘langan lug‘aviy ma’nolarga ega bo‘lishi hodisasidir. Bunda shaklan bitta bo‘lgan so‘z turli nutqiy vaziyatlarda bir-biridan farqlanuvchi, ammo kelib chiqishi yoki mazmuniy aloqasi jihatidan o‘zaro bog‘langan ma’nolarni ifodalaydi. Masalan: ko‘z leksemasining quyidagi ma’nolarini olaylik: insonning ko‘rish a’zosi – ko‘z; buloqning chiqish joyi – buloqning ko‘zi; igna teshigi – ignaning ko‘zi; uzukka o‘rnatilgan qimmatbaho tosh – uzukning ko‘zi. Bu ma’nolar shaklan bir xil ko‘z so‘zi orqali ifodalansa-da, turli predmet va tushunchalarni bildiradi. Ular o‘rtasida muayyan semantik o‘xshashlik va bog‘lanish mavjud. Polisemiyaning muhim belgisi – ko‘p ma’nolar o‘rtasida semantik aloqa mavjudligidir. Shu jihati bilan polisemiya omonimiyadan farqlanadi: omonimlarda shakl bir xil yoki o‘xshash bo‘lsa-da, ma’nolar o‘rtasida ichki semantik bog‘lanish bo‘lmaydi. Ko‘p ma’noli so‘zning qaysi ma’noda qo‘llanganini ko‘pincha kontekst aniqlaydi. Polisemiya so‘z ma’nosining tarixiy taraqqiyoti natijasida ham yuzaga keladi. Dastlab bir ma’noli bo‘lgan so‘z vaqt o‘tishi bilan yangi predmet, hodisa yoki tushunchalarni ifodalash uchun qo‘llanib, qo‘shimcha ma’nolarni hosil qilishi mumkin. Shu sababli polisemiya tilning leksik-semantik taraqqiyotini aks ettiruvchi hodisa hisoblanadi. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Полисемия |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | Полисемия (көп маанилүүлүк) грекче poly – «көп» жана sēma – «белги, маани» компоненттеринен түзүлгөн. Демек, сөзмө-сөз «көп маанилүүлүк» |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Көп маанилүүлүк – бир лексикалык бирдиктин өз ара байланышкан бир нече мааниге ээ болушу. Бир сөз түз мааниден улам өтмө жана башка туунду маанилерди да билдириши мүмкүн. Омонимдер сыртынан караганда поли¬семия менен окшош сыяктанат. Бирок ошону менен эле айырмачылыктары бар. Окшотугуна көңүл бурсак: Полисемия да, омоним да экиден ашык маанилерден турат; Омонимдер да, полисемия да бир эле сѳз түркүмүнөн болушу ыктымал. Бирок полисемиянын бир сѳз түркүмүнөн болушунун себеби денотаттардын өзүнүн бир текке жаткандыгына байланыштуу, ал эми омонимдердики кокустуктан гана болот. Айырмасы: Полисемиянын семантикалык талаасы окшош, генетикалык жактан бир мааниден тараган сѳздѳрдѳн турса, омонимдер эч кандай байланышы болбогон семантика¬лык кубулуштун натыйжасы; Полисемиянын да, омонимдин да пай¬да болуу булактары ар башка.Тактап айт-канда, омонимдер фонетикалык кокустук¬тан, ал эми полисемия метафора, метони-мия, синекдоханын негизинде жаралат. Полисемия коннотативдик маанилердин жаралышына ѳбѳлгѳ болот, ал эми омоним¬дер андай мааниге ээ болсо, ѳз ичннен полисемияны жаратат. Мисалы, как деген сөздүн маанилерин карасак, как - I. кургатылган жашылча, жемиш; как - II. адамдын шагын сындыруу, сүйлөтпөө деген омонимдик түгѳйлѳр. Булардын ичинен I маанисинин негизинде какшыта кургатылган деген мааниси коннотацияны пайда кылды. Муну менен омо¬нимдин ичинен полисемиялык маани жа¬ралат дегендикти билдирет. Негизинен полисемиялык маанилер окшоштукка негизделгендигине байланыш-туу түгѳйлѳр бир эле сѳз түркүмүнөн бо¬лот. Ал эми омонимдик түгөйлөр ар баш¬ка сѳз түркүмүнөн кезигет: жак - I. зат атооч, тарап (оң берки; жак II. этиш. отту тутант буйрук этиштик мааниде. Омонимдер номинациялык мааниге ти¬ешелүү болот, полисемия коннотациялык маанилердин өркүндөшүнөн пайда болот. Полисемиянын да, омонимдин да пай¬да болуу булактары ар башка.Тактап айт-канда, омонимдер фонетикалык кокустуктан, ал эми полисемия метафора, метони-мия, синекдоханын негизинде жаралат. Омонимдердин пайда болуусунун экинчи тиби кѳп маанилүү сөздөрдүн маа-нилеринин алыстап кетиши болуп эсептелет. Мында сөздөрдүн туунду маанилери¬нин ортосундагы генетикалык байланыш алыстап отуруп, алардын жакындыгы анча байкалбай калат. Полисемиялуулуктун мындай жол менен омонимге айланышы ѳтѳ жай өнүгөт, анткени сөздөрдүн маани¬лери туруктуураак келет. Албетте, сөздүн өмүрү, жашоосу өзү белгилеген нерсе ме¬нен тыгыз байланышта болору белгилүү, ошондуктан колдонуудан чыгып калган затты белгилеген сѳз улам чектелип оту¬руп, омонимге айланат. Кѳп маанилүү сөздөрдүн семаларынын ортосундагы жакындыкты караганда деле кээси номинативге жакын, кээси алыс, айрымдарынын ортосунда семантикалык байланыш жоктой сезилет. Демек, алар¬дын арасындагы жалпылык акырындык менен жоюлуп, омонимди же сѳз мааниле¬ринин жаңы мотивациясын (жүйѳсүн) пайда кылат. Мындай полисемиядан омонимге айлануу процесси тиешелүү убакытты, шартты талап кылат. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 2 |