info@gmail.com +998 99 741 35 23

Ravishdosh — Чакчыл

Termin kartochkasi to'liqligi: 60%

Lug'atga qaytish
Terminning o'zbekcha nomiRavishdosh
Terminning o'zbekcha etimologiyasiRavishdosh termini “ravish” va fors-tojik tilidagi “-dosh” qo‘shimchasi asosida shakllangan. “Ravish” so‘zi “usul”, “tarz”, “yo‘l”, “ko‘rinish” kabi ma’nolarni anglatadi. “-dosh” qo‘shimchasi esa o‘xshashlik, aloqadorlik yoki birgalik ma’nolarini ifodalashga xizmat qiladi. Shu asosda “ravishdosh” termini ravishga o‘xshash vazifada qo‘llanadigan, ish-harakatning bajarilish tarzi, payti, sababi yoki maqsadini ifodalovchi fe’l shaklini anglatadi.
Terminning o'zbekcha mazmuniy izohiRavishdosh — fe’lning funksional shakllaridan biri bo‘lib, asosiy ish-harakatga qo‘shimcha harakatni bog‘laydi hamda uning bajarilish tarzi, payti, sababi, maqsadi yoki shartini ifodalashi mumkin. Ravishdoshlar gapda odatda hol vazifasida kelib, asosiy fe’l orqali ifodalangan harakatning qanday, qachon, nima sababdan yoki qanday shart bilan bajarilganini aniqlaydi. Masalan: U kulib gapirdi. Bu gapda kulib ravishdoshi asosiy gapirdi harakatining qanday tarzda bajarilganini bildiradi. Dars tugagach, o‘quvchilar uylariga qaytdilar gapida tugagach ravishdoshi asosiy harakatning paytini ifodalab kelgan. O‘zbek tilida ravishdoshlar -ib, -a/-y, -gach, -guncha, -gani kabi shakllar orqali hosil qilinadi: kelib, o‘qiy, borgach, kelguncha, ko‘rgani kabi.
Termin uchun o'zbekcha misol—
Termin uchun o'zbekcha misol manbasi—
Terminning qirg'izcha nomiЧакчыл
Terminning qirg'izcha etimologiyasiЧакчыл – кыргыз грамматикасындагы төл термин. Ал чак- негизине жана -чыл мүчөсүнө байланыштуу түзүлгөн. Чакчыл термининин аталышында бул этиш формасынын негизги кыймылга кошумча кыймылды байланыштырып берүүчү мүнөзү чагылдырылган.
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohiЖакты жана чакты көрсөтпөй туруп, негизги этиштин кошумча кыймыл-аракетин билгизүүчү туунду форма чакчылдар деп аталат. Чакчылдар негизги этиш менен бирге айтылган учурда аларды аныктоо, тактоо катарында кошумча кыймыл-аракетти билгизет, бышыктоочтук милдет аткарат. Мисалы: Ал каткырып күлдү. Акшырая карады. Бул сүйлөмдөрдө каткырып, акшырая –чакчылдар өздөрүнөн кийинки негизги кыймыл-аракеттерди кандайча жана кантип болгонун тактап, кощумчалап, алардын белгиси катарында пайдаланылды. Негизги кыймыл-аракетти тактоо, бышыктоо чакчылдардын башкы мааниси. Бул жагынан алар тактоочтор менен жакындашат. Чакчылдар ар дайым эле кошумча кыймыл-аракетти билгизе бербейт. Чакчыл мүчөлөрдүн кээ бирөөлөрү, асыресе –а жана -ып мүчөлөрү (кээде -ганы формасы да) этиштик уңгулуу татаал этиштердин компоненттерин бириктирүүчү грамматикалык каражат катарында да пайдаланылат; мүчөлөр катыштырылбай, татаал этиш куралбайт, ала кел, бара кел, тосуп ал, жатып, ал, карап тур, чаап кой, сатып бер, сатып ал, алып сал ж. б. Мындай учурда негизги кыймыл-аракетти чакчылдар формасындагы этиштер билгизет, жардамчы этиштик экинчи компоненти аркылуу ага грамматикалык кошумча маани киргизилет. Чакчылдардын бирден бир өзгөчөлүгү нагыз чакчылдык мааниде (кошумча кыймыл-аракетти билгизүү үчүн) айтылган учурда, алар чакты жана жакты билгизбейт; чакты өзүнөн кийинки негизги этиш билгизет. Мисалы: күлө сүйлөдү, эчкирип ыйлады ж. б. Мындагы күлө, эчкирип деген чакчылдар жакты жана чакты билдиришкен жок, бул маанини алардын соңунда турган негизги этиштер билгизип турушат. Чакчылдардын -а//-е//-й жана -ып мүчөлөрү баяндоочтук орунда туруп, өзүнчө кыймыл-аракетти билгизген толук маанилүү этиш катарында колдонулса, буларга жак мүчөлөрү жалганат жана чакты да билдирет: мен бар-а-мын, сен бар-ыпсың ж.б.
Termin uchun qirg'izcha misol—
Termin uchun qirg'izcha misol manbasi—
Ko'rishlar soni4