info@gmail.com +998 99 741 35 23

Ritorik so‘roq — Риторикалык суроо

Termin kartochkasi to'liqligi: 60%

Lug'atga qaytish
Terminning o'zbekcha nomiRitorik so‘roq
Terminning o'zbekcha etimologiyasi“Ritorik so‘roq” termini yunoncha rhētorikē — “notiqlik san’ati”, “nutq mahorati” va turkiy so‘roq — “savol”, “savol berish” ma’nolarini bildiruvchi so‘zlardan tashkil topgan.
Terminning o'zbekcha mazmuniy izohiRitorik so‘roq javob talab qilmaydigan, fikrni kuchaytirish, ta’sirchanlikni oshirish va so‘zlovchining munosabatini ifodalash uchun qo‘llanadigan uslubiy vositadir. Masalan: Ona Vatanini kim sevmaydi? Bunda javob kutilmaydi, balki “hamma o‘z Vatanini sevadi” degan fikr ta’kidlanadi.
Termin uchun o'zbekcha misol—
Termin uchun o'zbekcha misol manbasi—
Terminning qirg'izcha nomiРиторикалык суроо
Terminning qirg'izcha etimologiyasiРиторикалык суроо
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohiторикалык суроо – түзүлүшү боюнча суроолуу, бирок жай сүйлөм сыяктуу кабарлоо милдетин аткарган сүйлөм. Риторикалык суроодо формасы (суроолуу түзүлүш) менен мазмунунун (кабарлоо мааниси) ортосунда карама-каршылык орун алат. Риторикалык суроодо кабарлоо ар дайым эмоционалдык-экспрессивдик маанини туюндуруу менен байланышта болот да, риторикалык суроо каршылык көрсөтүүнүн эмоционалдык реакциясы түрүндө пайда болот. Ошондуктан риторикалык суроо үчүн бекемдөө (макул болуу) – тануу (жокко чыгаруу) белгиси боюнча да мазмундун карама-каршылыгы мүнөздүү. Формасы боюнча тануу иретиндеги сүйлөмдөр бекемдөөчү маанини билдирсе, макул болуу формасындагы сүйлөмдөр тануу маанисине ээ болот (М: Мен анын ким экенин билбейт дейсиңби? Саадат кол шилтеп койду: кеп түшүнбөгөн неме менен сүйлөшкөндөн не пайда.) Ар кандай суроолуу түзүлүштөгү сүйлөмдөр сурама ат атоочтор менен да, сурама бөлүкчөлөр м-н да, суроолуу сөздөр катышпаса да риторикалык түрдө колдонулушу мүмкүн. Риторикалык суроо жоопту талап кылбайт, бирок суроонун маанисине жараша сүйлөөчү тиешелүү реакцияны күткөнүн баамдоого болот. Кабарлоо мааниси суроолуу түзүлүштөгү негизги маани болуп эсептелбейт, аны туюндуруу үчүн интонация, контекст, сүйлөмдүн лексикалык курамынын метафоралык мааниси да чоң роль ойнойт. Мындай шарттарда суроо мааниси бейтарапташып, эмоционалдык түрдөгү кабарлоо мааниси пайда болот. Ошондуктан риторикалык суроо дайыма жай сүйлөмгө синонимдеш болот. Риторикалык суроо кеңири тарап, чечендик кепте көркөм ыкма катары жыш колдонулат. Риторикалык суроодон кийин суроо белгиси, кээде илеп белгиси коюлат, айрым учурда эки белгинин катарлаш коюлушуна жол берилет.
Termin uchun qirg'izcha misol—
Termin uchun qirg'izcha misol manbasi—
Ko'rishlar soni4