Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | Sifatdosh o‘ram |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | Sifatdosh o‘ram termini sifatdosh va o‘ram so‘zlaridan tashkil topgan. Sifatdosh termini “sifat” va -dosh qismlaridan tuzilib, fe’lning sifatga xos vazifada qo‘llanadigan shaklini bildiradi. O‘ram esa turkiy so‘z bo‘lib, “birikma”, “tarkibiy birlik”, “qurilma” kabi ma’nolarni anglatadi. Shu jihatdan “sifatdosh o‘ram” bosh komponenti sifatdosh shaklida kelgan va tarkiban bir necha so‘zni qamrab oluvchi sintaktik birlikni ifodalaydi. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | Sifatdosh o‘ram — bosh komponenti sifatdosh shaklida bo‘lgan, unga tobe so‘zlar birikib, mazmuniy va grammatik jihatdan yaxlit sintaktik birlikni hosil qiladigan qurilmadir. Sifatdosh o‘ramda sifatdosh o‘ziga bog‘langan so‘zlar bilan birgalikda odatda otning belgisini harakat yoki holat orqali ifodalaydi. Masalan, kecha maktabga kelgan o‘quvchi birikmasida kecha maktabga kelgan — sifatdosh o‘ram bo‘lib, uning bosh komponenti kelgan sifatdoshidir. Shuningdek, kitobni diqqat bilan o‘qiyotgan talaba birikmasida kitobni diqqat bilan o‘qiyotgan qismi sifatdosh o‘ramni tashkil etadi. Bunday o‘ramlar gapda ko‘pincha aniqlovchi vazifasida kelib, aniqlanmishning harakat orqali ifodalangan belgisini kengroq va aniqroq ifodalashga xizmat qiladi. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Атоочтук түрмөк |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | «Атоочтук түрмөк» термини атоочтук жана түрмөк сөздөрүнөн түзүлгөн. Атоочтук – этиштин заттын белгисин кыймыл-аракет аркылуу билдирген формасын түшүндүрөт. Түрмөк сөзү түрк тилдерине таандык болуп, «бириккен топ», «жыйынды», «бир бүтүн түзүлүш» маанилерин билдирет. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Кѳпчүлүк учурда заттын, кѳрүнүштүн ар түрдүү белгиси бир эле сѳз менен сыпатталып бериле тургандай жѳнѳкѳй формада болбостон, ѳтѳ кеңири, татаалданган мүнѳздѳ болот. Мындай учурда заттын андай ич ара чырмалышып байланышкан татаал белгисин бир сѳз менен билдирүү мүмкүн болбой калат, аны бир канча сѳздүн тизмеги аркылуу сыпаттап берүүгѳ туура келет. С а л ы ш т ы р: Ак жуумал жигит чечкиндүү сүйлѳдү. Ак жүзү аптапка тамылжып турган жигит чечкиндүү сүйлѳдү. (Т.С.). Мында биринчи сүйлѳмдѳ жигиттин ѳңүнүн түсү бир сѳз менен гана берилип турат. Ал эми экинчи сүйлѳмдѳ жигиттин ак жүздүү экендиги жѳнүндѳ гана сѳз болуп жаткан жок. Анын ак жүзү күндүн илебинен ысып, тамылжып турганын кѳрсѳтүп турат. Ошондуктан жигиттин ѳңүнүн бул татаалдашкан белгисин бир гана сѳз менен толук ачып берүүгѳ болбойт (салыштыр: Ак жүздүү жигит чечкиндүү сүйлѳдү), ошон үчүн ал белгиси бир нече сѳздүн тизмеги аркылуу берилген. Мындай сѳз тизмектери адатта эки же андан кѳп сѳздүн синтаксистик байланышынан түзүлѳт. Ал сыяктуу тизмектер кѳпчүлүк учурда атоочтук этиштердин негизинде уюшулат. Мындай учурда айтылуучу ойдун мазмунуна жараша атоочтук менен бир нече сѳз грамматикалык жактан жана мааниси боюнча тыгыз байланышта айтылып, натыйжада сѳздѳрдүн синтаксистик жактан ажырагыс бир бүтүн түрмѳгү уюшулат. Мисалы: Чарбанын абалын жакты билген Шарше ишти тез эле колго алды. Бул сүйлѳмдѳгү «Чарбанын абалын жакшы билген» деген сѳз тизмегинин түзүлүшүнѳ негиз болгон сѳз - «билген» деген атоочтук, ага «жакшы» деген сѳз ыкташып, «абалын» деген сѳз башкарылып байланышып жана ал «абалын» деген сѳзгѳ «чарбанын» деген сѳз таандык байланыш жолу аркылуу айкашып айтылып, бирдиктүү сѳз тизмеги түзүлгѳн. Бул сүйлѳмгѳ синтаксистик талдоо жүргүзсѳк, анда анын тутумундагы «Чарбанын абалын жакшы билген» деген сѳз тизмеги тутумундагы сѳздѳрү менен бирдиктүү түрдѳ туруп, кайсы? деген суроого жооп берип, тутумдаш аныктоочтун милдетин аткарат: - Кайсы Шарше? - «Чарбанын абалын жакшы билген» (тутумдаш аныктооч). Бул сыяктуу сѳз тизмектеринин уюшулушуна негиз болгон сѳз атоочтук этиш болгондуктан, алар атоочтук түрмѳктѳр деген термин менен аталат. Бир нече сѳздүн атоочтук менен грам¬матикалык жана маанилик жактан бекем тутумдашып байланышы аркылуу түзүлгѳн бирдиктүү тизмеги атоочтук түрмѳктѳр деп аталат. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 3 |