Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | Sodda hol |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | Sodda hol termini “sodda” va “hol” so‘zlaridan tashkil topgan. “Sodda” so‘zi arabcha sāda shakliga borib taqalib, “oddiy”, “murakkab bo‘lmagan” ma’nolarini bildiradi. “Hol” so‘zi ham arabcha ḥāl (حال) so‘zidan olingan bo‘lib, “ahvol”, “vaziyat”, “sharoit”, “holat” kabi ma’nolarni anglatadi. Termin tarkibida “sodda” so‘zi holning tuzilish jihatdan birgina so‘z orqali ifodalanganini bildiradi. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | Sodda hol — gapda harakat yoki holatning bajarilish tarzini, paytini, o‘rnini, sababini, maqsadini, shartini va boshqa sharoitlarini bitta mustaqil so‘z orqali ifodalab, kesimga yoki boshqa hokim bo‘lakka bog‘lanadigan ikkinchi darajali gap bo‘lagidir. Sodda hol ravish, ot, sifat, son, olmosh yoki boshqa so‘z turkumlari orqali ifodalanishi mumkin. Masalan: U tez yurdi (tez — tarz holi), Bugun dars boshlandi (bugun — payt holi), O‘quvchilar maktabda yig‘ildilar (maktabda — o‘rin holi). Sodda holning asosiy belgisi uning bitta mustaqil so‘z bilan ifodalanishidir. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Жөнөкөй бышыктооч |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | «Жөнөкөй» сөзү кыргыз тилинин төл сөзү болуп, «татаал эмес», «бир гана бөлүктөн турган», «жөнөкөй түзүлүштөгү» деген маанилерди билдирет. «Бышыктооч» термини «бышыкта-» этишинен -ооч мүчөсү аркылуу жасалган. «Синтаксистик термин катары «бышыктооч» кыймыл-аракеттин белгисин, анын мезгилин, ордун, себебин, максатын, аткарылыш шартын жана башка жагдайларын билдирген сүйлөм мүчөсүнүн аталышы болуп саналат. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Бышыктооч, негизинен, сүйлѳмдүн этиш сѳздѳн турган мүчѳсү менен байланышып келип, ал билдирген кыймыл-аракеттин мүнѳзүн, мезгилин, ордун, максатын, сан-ѳлчѳмүн, себебин бышыктап, тактап кѳрсѳтѳт. Мисалы: Чын эле эртең сүйлѳшѳлүчү (М.Аб.). Апенди айласыз кайра келди. Бурулча ордунан биринчи турду (К.Ж.). Байтик балык оозго акырая карады (А.Т.). Бышыктоочтун милдетин: 1. Жѳнѳкѳй тактоочтор, чакчылдар, атоочтуктар, уңгу түрүндѳ туруп, аныкталгычы менен ыкташып байланышкан айрым сын, сан атоочтор жана мейкиндик жѳндѳмѳлѳрдүн (барыш, жатыш, чыгыш) биринде турган атооч сѳздѳр ж.б. аткарат: Лиза акырын чыгып кетти (К.Ж.). Султан шашып кирип келди. Салык чогулушта тартынбастан сүйлѳдү. Азыр акын ѳмүрү байчечекейдей гүлдѳп турат («Кырг. Аял»). Алтынай дегенди кулагы экинчи укпасын (Ш.Б.). Сиз анын баарын кайдан билдиңиз? (К.Б.). Мен азыр мектепке барамын (К.Б.). ~ Арыкбай жана тоодон кайткан эле, азыр мында келет (К.Бект.). 2. Татаал тактоочтор, аз да болсо, татаал сан атоочтор, ат атоочтор, сын атоочтор аткарат: Күндүн кѳзүн далдалаган ала булуттар ѳйдѳ-тѳмѳн кѳчѳт («Ала-Тоо»). Ав¬тобус айылыбызга күнүгѳ он бештей каттайт. Эч качан жалган жеңбейт, чындык жеңет (А.О.). Ал менин кѳзүмѳ абдан жаман кѳрүндү («ЛЖ»), Жапар, булбулду туурап, үч-тѳрт ышкырып жиберди (А.Т.). Ал быйыл он сегизге толду (Е.Ж.). 3. Татаал чакчыл этиштер, татаал тууракды сѳздѳр аткарат; Энесине катуу кыйкырган Сүйүн ѳксүп-ѳксүп ыйлап жиберди. Абышка ушулар туурасында үйүнүн артында жѳлѳнүп отуруп ойго чумуду (М.Абд.). Атмаз мага жал-жал карады (Т.С.). Токойдон мылтык тарс-тарс атылды. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 1 |