Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | So‘z birikmasi |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | So‘z birikmasi termini “so‘z” va “birikma” so‘zlaridan tashkil topgan. “So‘z” qadimgi turkiy söz shakliga borib taqalib, nutqda mustaqil ma’no ifodalovchi til birligini bildiradi. “Birikma” esa “birikmoq” fe’lidan yasalgan bo‘lib, “qo‘shilish”, “bir-biri bilan bog‘lanish”, “yaxlit birlik hosil qilish” ma’nolarini anglatadi. Shu asosda “so‘z birikmasi” atamasi ikki yoki undan ortiq so‘zning grammatik va mazmuniy jihatdan o‘zaro bog‘lanishidan hosil bo‘lgan sintaktik birlikni bildiradi. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | So‘z birikmasi — ikki yoki undan ortiq mustaqil so‘zning tobelanish asosida, ya’ni biri hokim, ikkinchisi tobe munosabatda bog‘lanishi natijasida hosil bo‘ladigan sintaktik birlikdir. So‘z birikmasida so‘zlar o‘zining lug‘aviy ma’nosini saqlaydi, biroq o‘zaro grammatik va mazmuniy munosabatga kirishib, narsa, belgi, harakat yoki boshqa tushunchani aniqroq ifodalaydi. Masalan, yangi kitob, katta bino, o‘quvchining daftari, kitobni o‘qimoq, maktabga bormoq kabi birikmalarda hokim va tobe so‘zlar mavjud. So‘z birikmasi hokim so‘z va unga tobelangan tobe so‘zdan tashkil topadi hamda boshqaruv, bitishuv yoki moslashuv kabi sintaktik aloqa usullari orqali shakllanadi. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Сөз айкашы |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | Сөз айкашы термини «сөз» жана «айкашы» компоненттеринен түзүлгөн болуп, эки же андан көп сөздүн грамматикалык жана маанилик жактан өз ара байланышынан түзүлгөн синтаксистик бирдикти билдирет. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Толук маанидеги эки же андан артык сөздүн багыныңкы байланышынан түзүлгөн ал сөздөр туюндурган түшүнүктөрдүн ортосундагы ар түрдүү катышты билдирүүчү сөздөрдүн семантика-грамматикалык бирдиги сөз айкашы деп аталат. Мисалы: темир дарбаза, жаңы клуб, жыйырма кой, окуучунун китеби, чөптү үйүү ж.б. Бул сөз айкаштары эки сөздүн багынынкы байланышынан түзүлүп, тутумундагы сөздөр билдирген түшүнүктөрдүн ортосундагы ар кандай маанилик катышты: заттын эмнеден жасалгандыгын (темир дарбаза), сапаттык белгисин (жаңы клуб), сандык белгисин (жыйырма кой), таандык катышты (окуучунун китеби), аракет багытталган объектини билдирип турат (чөптү үйүү). Бирок сөздөрдүн ар кандай эле грамматикалык бирикмеси сөз айкашы боло бербейт; бири-бири менен маани жагынан жана грамматикалык жактан байланыштуу келген эки же андан көп толук маанилүү сөздөрдүн бирикмеси гана сөз айкашын уюштура алат. Себеби сүйлөм ичиндеги сөздөрдүн ортосундагы ар түрдүү синтаксистик мамиле толук маанидеги сөздөрдүн айкашы аркылуу гана берилет, толук маанилүү сөздөрдүн өз ара байланышы гана мааниси жана түзүлүшү жагынан бирдиктүү сөз айкашын уюштура алат: Мисалы, жашыл жайлоо, бийик үй, клубда иштөө, планды аткаруу ж.б. Бул сөз айкаштары толук маанидеги сөздөрдөн уюшулгандыктан, аныктоочтук, бышыктоочтук, объектилик катышты туюндуруп, структурасы жана мааниси жагынан толук уюшулган бир бүтүндүктү билдирип турушат. Ал эми толук маанилүү сөз менен жардамчы сөз байланышса, структуралык жана маани жагынан толук уюшулган өзүнчө бир сөз айкашын уюштура албайт. Мисалы: тоого карай, иш жөнүндө, үймөктүн түбүндө, эң кубаттуу ж.б. Мында толук маанидеги сөздөр менен жандоочтор, жардамчы атоочтор, бөлүкчөлөр айкашкан. Бирок алар өзүнчө сөз айкашы боло алышпайт, себеби структуралык жагынан жана маани жагынан толук уюшулуп бүтпөгөн. Бул өңдүү айкаштар экинчи бир сөз менен байланышып келгенде гана толук сөз айкашы уюшулат: тоого карай жөнөө, иш жөнүндө кам көрүү, үймөктүн түбүнө отуруу, эң кубаттуу электр станциясы ж.б. Сөз айкаштары багындыруучу сөзгө анын маанисин айкындоочу багыныңкы сөздүн кошулуп айтылышы менен уюшулат: костюм - жаңы костюм (костюм - багындыруучу сөз жаңы - багыныңкы сөз), галстук - окуучунун галстугу (галстугу - багындыруучу сөз, окуучунун - багыныңкы сөз), коргоо – Мекенди коргоо (коргоо -багындыруучу сөз, мекенди - багыныңкы сөз). Жогоруда белгиленгендей, сөз айкаштарынын тутумундагы сөздөрдүн бири экинчисине мааниси жана грамматикалык жактан багынып турат. Багындыруучу маанидеги сөзү сөз айкашынын багындыруучу түгөйү (багындыруучу компоненти) деп аталат да, ага багыныңкы абалда турганы багыныңкы түгөйү (багыныңкы компонент) деп аталат. Сөз айкашынын багыныңкы түгөйү багындыруучу түгөйүнүн ар кандай белгисин көрсөтүп, аныктап турат: Мисалы, атлас көйнөк, жыгач аяк, кызыл желекче, бешинчи катар ж.б. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 1 |