Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | So‘z yasalish tipi |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | So‘z yasalish tipi termini “so‘z yasalish” va “tip” so‘zlaridan tashkil topgan. “Tip” yunoncha typos — “iz”, “namuna”, “qolip”, “tur” ma’nolarini anglatadi. “So‘z yasalish” esa tilda mavjud so‘zlar asosida yangi lug‘aviy birliklarning hosil qilinish jarayonini bildiradi. Shu asosda so‘z yasalish tipi termini bir xil so‘z yasash xususiyatlari va umumiy yasalish qolipiga ega bo‘lgan yasama so‘zlar guruhini ifodalaydi. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | So‘z yasalish tipi — bir xil yoki o‘zaro yaqin so‘z yasash modeli, yasovchi vosita va umumiy so‘z yasalish ma’nosi asosida birlashadigan yasama so‘zlar guruhidir. So‘z yasalish tipini belgilashda so‘z yasash asosi, yasovchi affiks, hosil bo‘lgan so‘zning qaysi leksik-grammatik guruhga mansubligi hamda umumiy yasalish ma’nosi hisobga olinadi. Masalan, ishchi, temirchi, sportchi, paxtachi kabi so‘zlar ot + -chi → shaxs oti tipida birlashadi. Gulzor, olmazor, uzumzor kabi so‘zlar esa ot + -zor → joy yoki muayyan narsa ko‘p bo‘lgan joy oti tipiga mansubdir. So‘z yasalish tipi bir xil usulda hosil bo‘lgan so‘zlarni umumlashtirish, ularning yasalish xususiyatlarini aniqlash va so‘z yasalishi tizimini tavsiflashda muhim ahamiyatga ega. Demak, so‘z yasalish tipi umumiy yasovchi vosita, yasalish modeli va so‘z yasalish ma’nosi asosida shakllangan yasama so‘zlar guruhi hisoblanadi. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Сөз жасоо тиби |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | Сөз жасоо тиби термини үч сөздөн туруп, сөздөрдүн белгилүү бир сөз жасоо модели жана ыкмасы боюнча жасалышын билдирген термин дегенди туюнтат. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Сѳз жасоонун негизги бирдиги болуп сөз жасоонун тиби деген түшүнүк эсептелинет. Сѳз жасоонун тиби деп туунду сѳздѳрдү айрым-айрым топторо бириктирүүгѳ мүмкүндүк берген эреже-шартты айтабыз. Сөз жасоонун тибин аныктоодо, эреже катары, бир эмес, бир нече туунду сөз салыштыруунун объектиси катары алынат да, төмөнкүдөй үч шарттын бир эле учурда аткарылышы талап кылынат: Биринчиден, салыштырылып жаткан туунду сөздөрдүн түзүүчүсү сөз түркүмдүк белгиси боюнча бирдей болушу зарыл; Экинчиден, салыштырылып жаткан туунду сөздөрдүн сөз жасоо маанилери да бирдей болушу зарыл; Үчүнчүдөн, салыштырылып жаткан туунду сөздөрдүн бирдей куранды мүчө менен жасалышы зарыл. Ал эми татаал сөздөр болсо бирдей каражаттар аркылуу түзүлүшү шарт. Эгерде ушул үч шарттын бирөө эле аткарылбай калса, салыштырылып жаткан туунду сөздөр бир типке жатпай калат. Мисалы, койчу, уйчу, арызчы, ушакчы, кансыра, алсыра, уйкусура деген туунду сөздөрдүн түзүүчү негиздери (кой, уй, арыз, ушак, кан, ал, уйку) сөз түркүмдүк белгиси боюнча бирдей, баары тең зат атооч. Мында жогорудагы үч шарттын биринчиси толук аткарылды. Демек, бул шарт аталган туундуларды сөз жасоо тиби боюнча топтоштурууда чечүүчү мааниге ээ эмес, анткени алар сөз түркүмдүк белгиси боюнча өз ара айырмаланган жок. Экинчи шарт боюнча салыштырылып жаткан туундулар төмөнкүдөй төрт түрдүү сөз жасоо маанисине ээ: койчу, упчу - негиз аркылуу туюндурулган төрт түлүктү асырап баккан, мындай ишти кесип тутунган адам; арызчы, ушакчы - негиз аркылуу туюндурулган нерсе боюнча коомго жат терс иш-аракет жасоого көндүм болгон адам; кансыра, алсыра - негиз аркылуу туюндурулган нерсенин, сапаттын жоголушу,солгундашы; уйкусура – негиз аркылуу туюндурулган нерсенин, сапаттын пайда болушу, күчөшү. Үчүнчү шартты текшерүүдөн улам келтирилген туундулар эки топко ажыраган эле. Мына ушинтип, салыштырылып жаткан туунду сөздөр сөз жасоонун төмөнкүдөй төрт тибине ажырайт: I тип — койчу, уйчу: негиз аркылуу туюндурулган төрт түлүктүн бирин асырап баккан адам; II тип — арызчы, ушакчы: негиз аркылуу туюндурулган нерсе боюнча коомго жат терс иш-аракет жасоого көндүм болгон адам; III тип — кансыра, алсыра: негиз аркылуу туюндурулган нерсенин, сапаттын жоголушу, солгундашы; IV тип — уйкусура: негиз аркылуу туюндурулган нерсенин, сапаттын пайда болушу, күчөшү. Мында ар бир типке кирген сөздер түзүүчү негизинин сөз түркүмдүк белгиси боюнча да, өздөрү билдирген сөз жасоо мааниси боюнча да, жасалган куранды мүчөсү боюнча да өз ара жалпылыкты түзүп турат. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 1 |