Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | Subyekt |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | Subyekt termini lotincha subjectum — “asos”, “tagida turuvchi”, “asos qilib olingan narsa” ma’nolarini anglatadi. Ushbu so‘z lotincha subicere — “ostiga qo‘ymoq”, “asos qilib qo‘ymoq” fe’li bilan bog‘liq bo‘lib, sub- — “ostida” va iacere — “yotmoq”, “qo‘yilmoq” ma’nolarini bildiruvchi qismlardan tarkib topgan. Falsafa va mantiqda termin muayyan faoliyat yoki hukmning egasi, predmeti sifatida qo‘llansa, tilshunoslikda gapning predikativ markaziga nisbatan asosiy ishtirokchini ifodalash uchun ishlatiladi. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | Subyekt — mantiqda fikr yoki hukmning predmeti, ya’ni hukmda biror belgi-xususiyatga ega deb qaralayotgan shaxs, predmet yoki hodisani bildiruvchi tushunchadir. Grammatikada esa subyekt, odatda, egaga mos kelib, gapda harakat yoki holatning bajaruvchisini yoxud gap mazmunining asosiy ishtirokchisini anglatadi. Masalan, O‘quvchi kitob o‘qidi gapida o‘quvchi harakatning bajaruvchisi va grammatik subyekt hisoblanadi. Biroq ayrim gaplarda grammatik ega va semantik subyekt bir-biriga to‘liq mos kelmasligi mumkin. Shu sababli subyekt tushunchasi grammatik ega tushunchasiga qaraganda kengroq ma’noda qo‘llanadi. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Субъект |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | Субъект термини латынча subjectum – «негиз», «астында турган», «негиз катары алынган нерсе» деген маанилерден келип чыккан. Бул сөз латынча subicere — «астына коюу», «негиз кылып коюу» деген этиш менен байланыштуу. Анын курамындагы sub- – «астында», ал эми iacere – «жатуу», «коюлуу» деген маанини билдирет. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Субъект – ой жүгүртүүнүн негизинде турган предметти билдирген логикалык термин. Предикат менен карым катышта. Логикалык теорияларда субъект объектинин чагылдырылышы же чындыктагы объектинин өзү катары түшүндүрүлөт. Грамматикалык традицияларда "субъект" термини ойдун (ой жүгүртүүнүн) предметин билдирүүчү сүйлөм мүчөсүнө карата колдонулган. Көптөгөн тилдерде бул термин калька менен алмаштырылып (кыргыз: "ээ", орус: "подлежащее"), логикалык жана грамматикалык категориялардын терминологиялык жактан аралашып кетүүсүнө жол берилген эмес. Батыш европа синтаксистик терминологиясында ойдун негизин ээлеп турган сүйлөм мүчөсү "субъект" термини менен белгиленип келе жатат. Субъект грамматикалык (сүйлөмдүн синтаксистик түзүлүшүнө тиешелүү болуп, ээни билдирет), семантикалык (сүйлөмдүн маанисине тиешелүү болуп, кыймыл-аракетти же белгини алып жүрүүчү), коммуникативдик (кабардын темасы, маалымат), психологиялык (баштапкы элес), логикалык (сүйлөмдүн ой жүгүртүүнүн субъектисине дал келген бөлүгү) болуп бөлүнөт. Субъект сүйлөмдүн семантикалык жактан уюшулушунда маанилүү роль ойнойт. Анын негизги семантикалык функциясы болуп чындыктын сөз болуп жаткан предметин идентификациялоо эсептелет. Бул фукцияны аткаруу үчүн денотативдик мааниге ээ сөздөр: шилтеме жана жактама ат атоочтор, энчилүү аттар жана айрым жалпы аттар кызмат кылат. Өзүнүн мааниси (сигнификат) боюнча субъект предикатка багытталат. Мындан сырткары, субъект предметти аспектилөө (анын тектик же жекелик белгилерин көрсөтүү) жана анафора (кептин предмети жөнүндө буга чейин белгилүү болгон маалыматтарды билдирүү) функцияларына ээ. Бул үч функция: идентификациялоо, аспектилөө, анафора конкреттүү сүйлөмдүн субъектине тиешелүү. Жалпы ой жүгүртүүлөрдүн калыптануусуна жана предметтик чындыктан алыстоосуна жараша субъектинин ролу өзгөрөт да, аныктоочу ролго идентификациялоочу функция эмес, предикаттык багыт ээ болот. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 1 |