info@gmail.com +998 99 741 35 23

— Этиш

Termin kartochkasi to'liqligi: 30%

Lug'atga qaytish
Terminning o'zbekcha nomi—
Terminning o'zbekcha etimologiyasi—
Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi—
Termin uchun o'zbekcha misol—
Termin uchun o'zbekcha misol manbasi—
Terminning qirg'izcha nomiЭтиш
Terminning qirg'izcha etimologiyasiкыймыл-аракетти же болбосо зат, нерселердин ал абалын процесс катары белгилеген сөз түркүмү. Кыймыл-аракеттин (арала, иште, жаз) ошондой эле мейкиндикте орун алмашууну, ички сезимдик абалды, ал-абалдын өзгөрүшүн ж.б. кыймыл-аракет түрүндө көрсөткөн маанилерди камтыйт. Бул маанилер этишке мүнөздүү мамиле, ыңгай, чак ж-а жак категориялар аркылуу берилет. Этиштердин жакталуучу ж-а жакталбаган формалары бар. Жакталуучу этиштер сүйлөмдө баяндоочтун кызматында болсо,жакталбаган этиштер сүйлөмдүн бардык мүчөлөрүнүн функциясын аткара берет. Жакталбаган этиштерге чакчыл, атоочтук, кыймыл атоочтор кирет.
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohiЭтиштер түзүлүшү боюнча жөнөкөй ж-а татаал болуп бөлүнүшөт, жө-нөкөй этиштер бир гана сөздөн турат да, өз ара уңгу (жат, айт, тур ж.б.) ж-а туунду (ырда, бийле, дарылан, кабарла ж.б.) этиштерге ажырайт. Татаал этиштер эки же андан ашык сөздөрдүн айкалышынан турат. Жалпы жонунан татаал этиштерди эки топко бөлүүгө болот. Тил илиминде кыймыл-аракеттин объектиге болгон мамилесине карата этиштерди өтмө ж-а өтпөстөргө бөлүү салтка айланган. Эгерде этиштер затка тике багытталган кыймыл-аракетти билдирсе, анда алар өтмө этиштер болуп саналат да, кыймыл-аракет багытталган зат көбүнчө табыш жөндөмөсүндө турат. Өтпөс этиштер катары тыбыштан башка жөндөмөлөрдү талап кылуучу этиштерди эсептөөгө болот. Анткени алардын кыймыл-аракети бирдемени иштөө үчүн затка багытталбайт.
Termin uchun qirg'izcha misol—
Termin uchun qirg'izcha misol manbasi—
Ko'rishlar soni3