info@gmail.com +998 99 741 35 23

— Айкашуу (тизмектешүү)

Termin kartochkasi to'liqligi: 30%

Lug'atga qaytish
Terminning o'zbekcha nomi—
Terminning o'zbekcha etimologiyasi—
Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi—
Termin uchun o'zbekcha misol—
Termin uchun o'zbekcha misol manbasi—
Terminning qirg'izcha nomiАйкашуу (тизмектешүү)
Terminning qirg'izcha etimologiyasiөзүнөн жогорку деңгээлдеги структуралык бирдиктерди жасоодо тилдик бирдиктердин өзара айкашуу, тизмектешүү касиеттери; тилдик бирдиктердин ортосундагы синтагмалык карым-катышты көрсөтүүчү фундаменталдык белги.
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohiА.-нун универсалдуу ж-а конкреттүү тилдик мыйзамдары, тенденциялары болот, алардын бузулушу нормадан четтөөгө же тилдик бирдиктердин белгилеринин өзгөрүшүнө алып келет. А. эрежелеринин атайылап бузулушу көркөм каражат катарында колдонулат. А-да модификацияланган ж-а формасы боюнча дифференцияланган тилдик бирдиктер варианттарды (аллофондорду, алломорфторду) пайда кылат. Тилдик бирдиктердин ээлеген ордуна карай А. контактылуу (тилдик бирдиктер катарлаш жайгашса) ж-а дистактылуу (араларына башка бирдиктер кошулуп белгилүү бир аралыкта жайгашса); айкашуу факторлоруна карай шартталган (тилдик белгилер айырмалоочу белгилер аркылуу аныкталат) ж-а эркин (кабыл алынган норма боюнча гана аныкталат); тилдин деңгээлине жараша семантикалык ж-а формалдык болуп бөлүнөт. Сөздөрдүн А. грамматикалык, лексикалык, семантикалык факторлор аркылуу аныкталып, сөз айкашы теориясында изилденет. Грамматикалык жактан А. сөздөрдүн сөз түркүмдөрүнө тиешелүүлүгү м-н аныкталат. Лек-сикалык деңгээлде А. лексемаларды тандап колдонуудан көрүнөт: көңүл буруу - кызыгуу буруу. Семантикалык деңгээлдеги А. семантикалык ээрчишүүдөн байкалат, мында айкаштын түгөйлөрү каршылаш семага ээ болбошу керек, мис., жандуу заттын кыймыл-аракетин же белгисин көрсөткөн этиш же сын атооч жандуу заттар м-н гана айкашат (адамдар сүйлөйт,уй мөөрөйт, боорукер киши), болбосо нормадан четтөө орун алат же түгөйлөрдүн бири өтмө мааниге ээ болот (Бүт университет бул окуяны талкуулады; оорулуу көл). Тексттеги А. сөз м-н тексттин стилистикалык байланышын талап кылат, болбосо стилистикалык транспозиция келип чыгышы ыктымал.
Termin uchun qirg'izcha misol—
Termin uchun qirg'izcha misol manbasi—
Ko'rishlar soni14