Termin kartochkasi to'liqligi: 30%
| Terminning o'zbekcha nomi | — |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | — |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Алтай тилдери |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | түрк, монгол, тунгус-манчжур ж-а жапон, корей тил-деринин генетикалык жакындыгы бар деген түшүнүктү билдирген шарттуу термин. Айрым окумуштуулар (И.Табберт-Страленберг, М.А.Кастрен, О.Бетлинг, Г.Винклер, О.Доннер ж.б.у .с.) А. т-нин алкагын дагы кеңири планда карашып, буга финно-угор тилдерин да бириктирип, урал-алтай теориясын сунуш кылышат. Бирок бул теория азыр гипотеза түрүндө кабыл алынат. Анткени А.т. м-н урал тилдеринин генетикалык жакындыгы толук далилденбеген. Аталган тилдердин генетикалык жакындыгына караганда, типологиялык жакындыгы көбүрөөк деген көзкараштар да бар. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Урал-алтай тилдер теориясын жактаган окумуштуулар аталган тилдердин тыбыштык түзүлүшү, сөздөрдүн морфологиялык жол м-н жасалуусу, сингармонизм ж-а агглютинация закондорунун окшоштугу, лексикадагы бир катар параллелдер, ошондой эле атоочтордогу жөндөмө, жак, сан категорияларда болгон структуралык жакындыктарды негиз кылып карашат. А.Т. тобун түзгөн түрк, монгол ж-а тунгус-манчжур тилдеринин ар бири өзара генетикалык жакындыкты түзсө, ошондой эле финно-угор тилдеринин ич ара генетикалык жакындыгы бар. Корей, жапон тилдерин да ушул топко бириктирген пикирлер да жок эмес. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 11 |