Termin kartochkasi to'liqligi: 30%
| Terminning o'zbekcha nomi | — |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | — |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Багынычсыз (тең байланыштагы) татаал сүйлөм |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр маанилик ж-а грамматикалык жактан бири-бирине көзкаранды болбой, өз ара тең укукта, тең байланышта турган татаал сүйлөм. Анын синтаксистик түгөйлөрүнүн баяндоочтору бирдей түзүлүшкө, жы-йынтыктуу мүнөзгө ээ, ошондуктан маани жактан бирдей даражада турат. Б.т.с. синтаксистик түгөйлөрү өз ара а) интонация аркылуу; б) байламталар же байламталык милдет аткарган сөздөр аркылуу байланышат. Бирок бул Б.т.с.-дүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр өз алдынча жөнөкөй сүйлөмдөргө параллель коюлат же алар автономиялуу дегенди билдирбейт. Себеби алар маани жактан өз ара тыгыз байланышта болуп, биринин маанисин экинчиси толуктап, ажырагыс бир бүтүн катары каралат Мис., Дыйкандын түбү кенч, соодагердин түбү борч же Бардыгына эмгек жеткирет, эмгекти сүйүү керек ж.б. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Б.т.с-дүн тутумундагы жөнөкөй сүйлөмдөр бири-бири м-н маани жактан түрдүүчө карым-катышта болот: тең маанилеш, мезгилдеш, каршы маанилеш, салыштыруу ж-а бири-бирин толуктоо маанисинде. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 12 |