Termin kartochkasi to'liqligi: 30%
| Terminning o'zbekcha nomi | — |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | — |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Бихевиоризм |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | (англ. behaviour – жүрүм-турум) – тил илиминде тилдин табиятына, маңыз-маанисине жана функциясына карата айтылган көзкараштардын системасы катары адам жүрүм-турумун, иш-аракетин сырткы чөйрөнүн таасирине карата жасаган кыймылдык, вербалдык жана эмоционалдык реакциясы деп түшүнүү менен байланышкан. Бул көзкараштын методологиялык негизин позитивизм, прагматизм түзөт. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Б. идеясын тил илминде кеңири колдонуп, андан ары уланткан окумуштуу Л.Блумфильд болгон. Ал сырткы чөйрөнүн таасирине адам реакциясы жана ага карата реактивдүү жүрүм-турум, иш-аракет формасы катары тилдин бихевиористтик теориясын жаратты. Бул теорияга ылайык индивид социалдык чөйрөгө «стимул – реакция» аркылуу ыңгайлашат. Демек, Б.теориясында тил «стимул – реакция» аркылуу ишке ашкан «вербалдык жүрүм-турум, иш-аракет» катары аныкталган. Бул көзкараш кийин дескриптивдик лингвистикада, Ч.Мористин неопозитивисттик семиотикалык теориясында, Н.Хомскийдин генеративдик грамматикасында ж.б. улантылган. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 11 |