info@gmail.com +998 99 741 35 23

Undoshlarning jaranglilashuvi — Үнсүздөрдүн жумшарышы

Termin kartochkasi to'liqligi: 60%

Lug'atga qaytish
Terminning o'zbekcha nomiUndoshlarning jaranglilashuvi
Terminning o'zbekcha etimologiyasiUndosh termini o‘zbekcha “un” so‘ziga “-dosh” qo‘shimchasining qo‘shilishi orqali hosil bo‘lib, “ovozga, tovushga aloqador” ma’nosini bildiradi. Jarangli termini esa “jarang” so‘zidan kelib chiqqan bo‘lib, “tovushning kuchli va aniq eshitilishi” ma’nosini anglatadi. -lashuv qo‘shimchasi esa bir holatga o‘tish, o‘zgarish ma’nosini bildiradi. Shunday qilib, undoshlarning jaranglilashuvi termini etimologik jihatdan “undosh tovushlarning jarangli tovushga aylanishi” degan ma’noni anglatadi.
Terminning o'zbekcha mazmuniy izohiUndoshlarning jaranglilashuvi deb jarangsiz undosh tovushning ma’lum fonetik sharoitda jarangli undoshga aylanishi hodisasiga aytiladi. Masalan, ayrim tillarda jarangsiz undoshlar ikki unli orasida yoki boshqa fonetik sharoitda jarangli talaffuz qilinishi mumkin. Demak, undoshlarning jaranglilashuvi — jarangsiz undoshning talaffuz jarayonida jarangli undoshga o‘zgarishidir.
Termin uchun o'zbekcha misol—
Termin uchun o'zbekcha misol manbasi—
Terminning qirg'izcha nomiҮнсүздөрдүн жумшарышы
Terminning qirg'izcha etimologiyasiҮнсүздөрдүн жумшарышы термини үч компоненттен турат: үнсүз + -дөр + -дүн + жумшар- + -ыш- + -ы. Үнсүздөрдүн жумшарышы — айрым тилдерде үнсүз тыбыштардын белгилүү бир фонетикалык шарттарда өзүнүн катуу айтылыш мүнөзүн өзгөртүп, жумшагыраак артикуляция менен айтылышы.
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohiҮнсүздөрдүн жумшарышы бир сөз ичинде же эки сөздүн аралыгында каткалаң тыбыштардын үндүүлөрдүн таасири менен жумшарып айтылышы. Кыргыз тилиндеги жумшаруу, негизинен, каткалаң к, п тыбыштарына байланыштуу. Жумшаруу, т.а., к, п тыбыштарынын жумшарып айтылышы бир нече түрдүү болот. К, П тыбыштары менен аяктаган сөздөргө үндүү тыбыш менен башталган мүчө уланганда ал тыбыштар жумшарып айтылат, жазууда да ошол түрүндө жазылат. Мис: кап+ы – кабы, кап+ың – кабың, ээк+ым – ээгим, ак+ар – агар, тик+уу – тигүү, сеп+уу – себүү, жээк+ы – жээги, жап+уу – жабуу, азап+ым – азабым, тарак+ым – тарагым, кабак+ың – кабагың ж.б. Эки сөздүн аралыгында, т.а., жанаша айтылган сөздөрдүн мурдагысы К,П тыбыштары менен аяктап, ага удаа келген сөз үндүү тыбыш менен башталса же мурдагы сөз үндүү менен аяктап, кийинки сөз ошол эле каткалаң тыбыштар менен башталса к,п тыбыштар жумшарып, г,б болуп айтылат. Мис: агала (ак ала), агуй (ак уй), боегалдык (боек алдык), кебук (кеп ук), алагарга (ала карга), малагөк (мала көк), берегой (бере кой), ботогөз (бото көз) ж.б. Удаа айтылган эки сөздүн биринчиси жумшак үнсүз (з,р,л,м,н) менен аяктап, кийинкиси каткалаң К тыбышы менен башталса, ошол каткалаң тыбыш көпчүлүк учурда жумшарып айтылат, бирок жазууда өз алдынча турганда кандай айтылса, ошондой боюнча жазылат. Мис: жазгелди - жаз келди, каргетти - кар кетти, колгой - кол кой, сенгел - сен кел, камгөрдү - кам көрдү, Айгерим - Айкерим, Эсенгул - Эсенкул ж.б.
Termin uchun qirg'izcha misol—
Termin uchun qirg'izcha misol manbasi—
Ko'rishlar soni5