info@gmail.com +998 99 741 35 23

Yakka bog‘lovchi — Байламталар

Termin kartochkasi to'liqligi: 50%

Lug'atga qaytish
Terminning o'zbekcha nomiYakka bog‘lovchi
Terminning o'zbekcha etimologiyasiYakka bog‘lovchi termini “yakka” va “bog‘lovchi” so‘zlaridan tashkil topgan. “Yakka” turkiy yakka - “bir dona”, “alohida”, “bitta” ma’nolarini bildiradi. “Bog‘lovchi” esa “bog‘lamoq” fe’lidan hosil bo‘lib, “birlashtiruvchi”, “aloqa hosil qiluvchi” ma’nosini anglatadi. Shu asosda yakka bog‘lovchi termini gap bo‘laklari yoki qo‘shma gap qismlarini takrorlanmagan holda, alohida bir bog‘lovchi vositasida o‘zaro bog‘laydigan birlikni bildiradiYakka bog‘lovchilar - sintaktik birliklar o‘rtasidagi grammatik va mazmuniy munosabatni ifodalab, juft yoki takroriy shaklda emas, bitta holda qo‘llanadigan bog‘lovchilardir. Ular gap bo‘laklarini yoki qo‘shma gap tarkibidagi sodda gaplarni o‘zaro bog‘lab, biriktirish, qarama-qarshilik, sabab-oqibat, izohlash kabi munosabatlarni ifodalashi mumkin. Masalan, va, hamda biriktirish, lekin, biroq, ammo zidlik munosabatini ifodalaydi: Bahor keldi va kunlar isidi; U ko‘p o‘qidi, lekin imtihondan o‘ta olmadi. Yakka bog‘lovchilar nutqdagi sintaktik birliklarning mazmuniy jihatdan izchil va mantiqan bog‘langan holda kelishini ta’minlaydi. Demak, yakka bog‘lovchilar sintaktik birliklarni bitta bog‘lovchi vositasi orqali o‘zaro aloqaga kirituvchi yordamchi so‘zlar hisoblanadi..
Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi—
Termin uchun o'zbekcha misol—
Termin uchun o'zbekcha misol manbasi—
Terminning qirg'izcha nomiБайламталар
Terminning qirg'izcha etimologiyasiБайламталар
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohiБайламталар - сѳздөрдүн, сөз тизмектеринин жана сүйлөмдѳрдүн арасын байланыштыруу үчүн колдонулуучу, өзүнчө лексикалык мааниге ээ болбогон сөздөр. Алар, башка кызматчы сөздөр сыяктуу, өзүнчө жеке колдонулбайт. Бирок колдонулган байламталарга карата сүйлөмдөгү ойдун кырдаалы ар башка болушу мүмкүн. Бул жагынан байламталар татаал сүйлѳмдө тең байланыштык жана багынычтуу байланыштык мамилелерди билдирет. Кыргыз тилинде байламталар түзүлүшүнө карай жөнөкөй жана татаал байламталар болуп экиге бөлүнөт. Бир эле сөздөн турган байламталарды жөнөкөй байламталар дейбиз. Алар: а, ары, бирок, болбосо, да, дагы, деле, жаки, жана, мейли, менен, нары, не, себеби, эгер, эгерде ж.б. Байламталардын сөз менен сөздү же сүйлөм менен сүйлөмдү байланыштыра турган мүмкүнчүлүгү алардын грамматикалык маанилери болуп саналат. Кыргыз тилиндеги байламталардын мына ошол грамматикалык маанилери бирдей эмес. Байламталардын бир тобу өздөрү байланыштырган тилдик бирдиктерди бири-бирине көз каранды абалда кармап байланыштырса, экинчи бир тобу байланышып жаткан тилдик бирдиктерди бири-бири менен тең укукта кармап байланыштырат. Ошентип, тилдин жандуу жүрүшүндө алардын грамматикалык маанилери бирдей болбойт. Ошентип, кыргыз тилиндеги байламталарды алардын грамматикалык маанилерине карай багындыргыч байламталар жана багындырбас байламталар деп эки чоң топко бөлүштүрөбүз. Кыргыз тилиндеги байламталарды тутумдук түзүлүшү жана келип чыгыш теги боюнча тубаса жана туунду байламталар деп эки топко бөлүштүрөбүз. Тубаса байламталар - морфологиялык жактан тутумдарга (морфемаларга) ажыратылбай турган байламталар. Булардын дээрлик бардыгы жөнөкөй байламталар: а, да, же, не ж.б. Туунду байламталар - морфологиялык жактан тутумдарга (морфемаларга) ажырай турган байламталар, башкача айтканда, кайсы бир башка сөздөн же сөздөрдүн биригишинен жасалган байламталар. Булар уңгу менен мүчөнүн же уңгу менен уңгунун биригишинен пайда болгон байламталар болуп саналат. Мисалы: Анткени - аны (андай) + эт-, -ган (-кен) деген морфемалардан жана жекелик сандагы үчүнчү жактын таандык уландысынан (-ы) турат. Болбосо - бол- (этиш уңгу), -бо (-ба) деген морфемалардан жана шарттуу ыңгайдын (-са) мүчөсүнөн турат. Жана - жан- деген этиш сөзгө (жанаш деген уңгунун тутумундагы этиш) чакчылдын -а мүчөсүнун жалганышы аркылуу жасалып, байламта сөз катары лексикалашып кеткен. Себеби - арабча себеп деген сөзгө кыргыз тилинин жекелик сандагы үчүнчү жакчыл таандык уландысы (-ы) кошулуп жасалган. Ошентсе да – ошондой + эт-, -са жана да деген айрым-айрым бөлүктөрдөн (компоненттерден) турат. Эки же андан көп сөздөрдүн биригишинен түзүлгөн татаал байламталар да туунду байламталар болуп эсептелет. Мисалы: Мен го барып келдим, ал эми сен таптакыр барган жоксуң. (К.Баялинов) Быйыл жыл жаанчыл келди,ошол себептүү чөп бир топ эле арбын болду.
Termin uchun qirg'izcha misol—
Termin uchun qirg'izcha misol manbasi—
Ko'rishlar soni4