Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | Yozuv |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | Yozuv termini “yozmoq” fe’li asosida -uv qo‘shimchasi yordamida hosil bo‘lgan. “Yozmoq” turkiy so‘z bo‘lib, “belgilamoq”, “qayd etmoq”, “fikrni grafik shaklda ifodalamoq” kabi ma’nolarni anglatadi. -uv qo‘shimchasi esa harakat yoki jarayon natijasini ifodalovchi otlarni hosil qilishda xizmat qiladi. Shu asosda yozuv termini fikr va nutqni grafik belgilar orqali qayd etish vositasi hamda shu belgilar tizimini bildiradi. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | Yozuv - til orqali ifodalangan fikr, axborot va nutqni maxsus grafik belgilar tizimi yordamida qayd etish, saqlash va uzatish vositasidir. U insoniyatning axborotni makon va zamon jihatidan saqlab qolish, uni boshqa shaxslarga yetkazish hamda avloddan-avlodga uzatish imkonini beradi. Yozuvning muayyan grafik belgilari va ularni qo‘llash qoidalari mavjud bo‘lib, ular asosida turli yozuv tizimlari shakllangan. Masalan, o‘zbek tilida lotin yozuvi asosidagi grafik tizimdan foydalaniladi. Keng ma’noda yozuv tushunchasi muayyan tilni grafik jihatdan ifodalashga xizmat qiladigan belgilar tizimini ham anglatadi. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Жазуу |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | Жаз- – байыркы түрк тилдерине таандык сөз болуп, «тамга, белги аркылуу ойду же сөздү белгилөө», «кагазга түшүрүү», «жазуу» деген маанилерди билдирет. Ал эми -уу мүчөсү кыймыл-аракеттин атын билдирген туюнтма сөздөрдү жасайт: оку-уу, жаз-уу. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Жазуу – графикалык белгилердин жардамы менен ой-сезимди, тыбыштуу кепти бир нерсенин бетине чагылдыруу үчүн колдонулган кошумча каражат. Жазуу дүйнө жүзүнүн бардык жериндеги кишилерди пикир алыштырат, бардык доорду бири бири менен байланыштырат. Ошого карабастан, жазуу – пикир алышуудагы көмөкчү курал, тил – негизги курал, Жазуу укумдан тукумга, алыскы аралыкка берилет, узак сакталат жана ал адамдар коомундагы эң зор табылгалардын бири, маданияттын эң сонун жетишкендиги. Ал өз сапатын улам жакшыртып отуруп, азыркы абалга келди. Жазуу – адамдын оюн, сөзүн кагаз бетине түшүрүүдө колдонулган графикалык белгилер жана тамга сүрөттөр; кеп элементтери жазууда колдонулган белгилер системасы. Жазуу бири-биринен туруктуу белгилери, бирдей формасы жактан айырмаланган өзүнчө системаны түзөт. Жазууда кептин бүтүндөй же жеке сөздүн же муун, же тыбыш аркылуу туюнтулушуна карата типтерге бөлүнөт. Ушул негизде дүйнө тилдеринин жазуусу 4 типке бөлүнөт: пиктографиялык жазуу, идиографиялык жазуу, муун жазуусу жана тыбыш жазуусу. Пиктографиялык жазуу – жазуунун эң байыркысы. Мында туюнтма катары бүтүндөй бир кабар билдирүүчү сүрөттөр (пиктограммалар) колдонулган (мис., Байыркы Египетте, Шумерде колдонулган). Идеографиялык жазуунун жазма белгиси бүтүн бир сөздү же анын таанымал бөлүгүн туюнтат. Мисалы, кытай, жапон иероглифи. Муун жазуусу болуп жеке жеке турганда маани берген муундар эсептелет. Бул жазууну көбүнчө сөздөрүндө муун саны аз тилдер колдонот. Азыркы кезде муун жазуусун Индияда (мисалы, деванагари), Япония, Корея жана Эфиопияда колдонушат. Тыбыштык жазуунун белгилери болуп жеке-жеке тыбыштар белгиленет. Нукура тыбыш жазууга финикия жазуусу негиз болуп, андан арамей жазуусу, кийин еврей, араб, грек, латын, кириллица, уйгур, монгол жазуулары пайда болгон. Кыргыз эли адегенде араб, андан соң латын, кийин кириллица тамгасындагы жазуу системасын колдонгон. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 3 |