Termin kartochkasi to'liqligi: 60%
| Terminning o'zbekcha nomi | Yuklama |
| Terminning o'zbekcha etimologiyasi | Yuklama termini “yuk” so‘zi va -la, -ma qo‘shimchalari asosida shakllangan. “Yuk” turkiy so‘z bo‘lib, “og‘irlik”, “biror narsani ustiga ortish” ma’nolarini bildiradi. Tilshunoslikda esa “yuklamoq” fe’li ma’no jihatdan biror mazmunni qo‘shish, yuklash ma’nosida qo‘llanadi. “-ma” qo‘shimchasi fe’l asosidan harakat yoki tushuncha nomini hosil qilishga xizmat qiladi. Shu asosda yuklama termini gap yoki gap bo‘lagiga qo‘shimcha semantik, modal va kommunikativ ma’no yuklashga xizmat qiladigan yordamchi so‘z turkumini anglatadi. |
| Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi | Yuklamalar - mustaqil leksik ma’noga ega bo‘lmay, so‘z yoki gapga qo‘shimcha ma’no, munosabat va modal-ekspressiv mazmun yuklaydigan yordamchi so‘zlardir. Ular gap bo‘lagi vazifasida kelmaydi, balki so‘roq, ta’kid, kuchaytirish, chegaralash, ayirish, aniqlash kabi ma’nolarni ifodalashga xizmat qiladi. O‘zbek tilida yuklamalar so‘roq yuklamalari (-mi), kuchaytiruv va ta’kid yuklamalari (-ku, ham, axir), ayiruv-chegaralov yuklamalari (faqat, -gina), shuningdek, aniqlov yuklamalari kabi guruhlarga ajratiladi. Masalan, Sen ham borasanmi? gapida ham qo‘shimcha ta’kid, -mi esa so‘roq ma’nosini ifodalagan; Faqat u keldi gapida faqat chegaralash ma’nosini bildiradi. Yuklamalar so‘zlovchining fikrga munosabatini, ta’kidini va kommunikativ maqsadini aniqroq ifodalashda muhim vosita hisoblanadi. |
| Termin uchun o'zbekcha misol | — |
| Termin uchun o'zbekcha misol manbasi | — |
| Terminning qirg'izcha nomi | Бөлүкчө |
| Terminning qirg'izcha etimologiyasi | «Бөлүкчө» термини «бөлүк» сөзүнө -чө мүчөсүнүн жалганышы аркылуу түзүлгөн. Бөлүк сөзү бөл- этишинен келип, «бөлүү», «ажыратуу», «бир бүтүндүн бир бөлүгү» деген маанилерди билдирет. -чө мүчөсү заттын кичирейтилгенин же майда бөлүк экенин билдирүүчү мааниде колдонулат. Ошондуктан бөлүкчө – «кичине бөлүк», «белгилүү бир бөлүктү түзгөн нерсе» деген маанини берет. |
| Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi | Сүйлөмгө, же сүйлөмдөгү кайсы бир сөзгө кошумча грамматикалык маани, маанилик бир касиет, маанилик өзгөчөлүк алып келүүчү кызматчы сөздөр бөлүкчөлөр деп аталат. Мисалы: Күтсөм да силерди мен калдым көрбөй. (А.Токомбаев) Бул анын тек сырт кешпири, сырт көрүнүшү. (Т.Сыдыкбеков) Табгач каны жообуз эле, он ок каны жообуз эле, баарынан күчтүүсү - кыргыз каны жообуз болду. (Т.Сыдыкбеков). Кыргыз тилиндеги бөлүкчөлөрдүн бир тобу чыныгы бөлүкчөлөр болуп саналат (го, да, өтө, эң, эч, гана, түк, ным, дегеле, турсун, түгүл, турмак, тургай, чылк ж.б.), калгандары сүйлөмдө аткарган кызматына, туюндурган грамматикалык маанисине жараша гана бөлүкчө болуп, өтмө бөлүкчөлөр деп аталат (аябай, жалаң, гой, деген, белем, такыр, кудум, бейм, нак, как, так, ары, эми, тек, өңкөй ж.б.). Бул акыркы топтогулардын бардыгы тилдин жандуу көрүнүшүндө бөлүкчөлөр болгону менен алар өздөрүнүн келип чыккан тегин жогото элек, кээде башка бир сөз түркүмүнүн кызматында да болуп калышы мүмкүн. Мисалы: аябай > ая, -ба, -й; гой > кой- (этиш сөз); деген > де-, -ган; белем > -бы, эле, -м ж.б. Булардын ичинен нак, ары, эми, дагы, тек деген сыяктуулары кээде тактооч да болуп кызмат кыла берет. Таанып турам, мен көргөн кишинин нак өзү. Алганды алгандай нак төлөйбүз. Биринчи сүйлөмдө нак бөлүкчө, экинчисинде (нак) кантип? деген суроого жооп берип, тактооч болуп турат. Бөлүкчөлөрдүн маанилери грамматикалык маани болгону менен аларда абстрактуулук бар, кандайдыр бир сөз менен айкашып келгенде гана алардын маанилери даана билинет. Жеке өз алдынча турганда алардын маанилери байкала бербеши да мүмкүн. Мына ошондуктан бөлүкчөлөрдүн маанилерин биз алар айкашып турган сөздөр аркылуу же ошол сүйлөм туюндурган ой аркылуу аныктайбыз. |
| Termin uchun qirg'izcha misol | — |
| Termin uchun qirg'izcha misol manbasi | — |
| Ko'rishlar soni | 4 |