Terminning qirg'izcha etimologiyasi
Шилтеме ат атооч деген термин 3 сөздөн куралып, «белгилүү бир затты, адамды же кубулушту түз атабай, ага шилтеп, көрсөтүп турган ат атооч» деген маанини туюнтат.
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi
Шилтеме ат атооч бир өңчөй заттардан же түшүнүктөрдүн ичинен бирөөнү бөлүп көрсөтөт. Кыргыз тилиндеги ат атоочтор толук жана кыскартылган формада кездешет: бу-бул, ушу-ушул, ошо-ошол, тиги-тигил.
Кыскартылган формага -л тыбышынын жалганышы менен толук форма уюшулат. Шилтеме ат атоочтордун өзгөрүшү. Шилтеме ат атоочтор өзгөргөн учурда алардын аяккы тыбышы (л) түшүп калат. Булар негизинен зат атооч сөздөрдү алмаштыргандыктан, зат атоочтун грамматикалык категориялары менен өзгөрөт. Жак жана таандык категориясы боюнча:
Бул-мунум, мунуң, мунуңуз, мунусу; мунубуз, мунуңар, мунуңуздар, булары (мунусу).
Ушул- ушунум, ушунун, ушунуңуз, ушунусу; ушунубуз, ушунуңар, ушунуңуздар, ушулары (ушунусу). Бардык шилтеме ат атоочтор жалпы таандык мүчө менен өзгөрөт: мунуку, мунусунуку, ушунуку, ошонуңдуку, тигиниңиздики, тээтигиники ж.б. Жак мүчөлөр менен да өзгөрүү өзгөчөлүктөрүнө ээ: ошолмун, ошолсуң, ошолсуз, ошол; ошолбуз, ошолсуңар, ошолсуздар, ошолор ж.б.