Terminning qirg'izcha etimologiyasi
Ономастика термини грек тилиндеги onomastike деген сөзүнөн алынган болуп, ат берүү өнөрү деген маанини билдирет.
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi
Ономастика – тил илиминин энчилүү аттарды изилдөөчү бир тармагы. Ономастика термини менен энчилүү аттардын жалпы жыйындысы да аталат. Кээде бул түшүнүк «онимия» термини аркылуу да берилип жүрөт. Ономастиканын изилдөө объектиси – энчилүү аттардын жаралыш, коюлуш тарыхы, ошондой аталыш жүйөөсү (мотивы номинации), өнүгүшү, калыптанышы, аймактык, тилдик таралышы, өтүшү, кепте колдонулушу, бир чөйрөдөн, тармактан экинчи тармакка өтүшү (трансонимизация), көркөм текстте энчилүү аттардын жасалышы ж-а алардын колдонулушу. Ономастика энчилүү аттарды фонетикалык, морфологиялык, семантикалык, лексикалык, синтаксистик, тексттик, этимологиялык, структуралык, сөз жасоо, стилистикалык аспектиден изилдейт. Ошондуктан ономастикалык материалдарды изилдеп-иликтөө аркылуу конкреттүү элдин тарыхый ал-абалын, жашоо шартын, башка элдер менен болгон карым-катышын, чарба жүргүзүү формаларын, каада-салтын, тилдик маданий, социалдык байланыштарын билүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Ономастика изилдөө предметине ылайык бир нече түргө бөлүнөт: антропонимика, топонимика, зоонимика, космонимика, мифонимика ж.б.у.с. Булардын айрымдары да өз ич ара майда майда аталыштарга жиктелет.