O'zbekcha ma'lumotlar
Terminning o'zbekcha nomi
—
O'zbekcha etimologiya turi
—
Terminning o'zbekcha etimologiyasi
—
Terminning o'zbekcha mazmuniy izohi
—
Termin uchun o'zbekcha misol
—
Termin uchun o'zbekcha misol manbasi
—
Qirg'izcha ma'lumotlar
Terminning qirg'izcha nomi
Дейксис
Qirg'izcha etimologiya turi
грекче
Terminning qirg'izcha etimologiyasi
(грек. deixis – көрсөтүү, шилтөө) – тилдик бирдиктердин мааниси же функциясы катары лексикалык жана грамматикалык каражаттар аркылуу берилген, туюнтулган аныктоо, көрсөтүү, шилтөө. Д. лингвистикалык бирдик катары кеп кырдаалынын компоненттерин жана айтымдын (сүйлөмдүн) денотативдик мазмунунун компоненттерин актуалдаштыруу үчүн кызмат кылат жана кеп ишмердигинин катышуучуларын – айтуучу жана тыңдоочунун (адресантты жана адресатты), мезгилдик жана мейкиндик жайгашуусун көрсөтүү менен, кеп кырдаалына жараша ар түрдүү ат атоочтор, тактоочтор, полифункционалдык каражаттар аркылуу берилет (мен, сен, ал, ошол, бул, тигил, азыр, бул жерде, анан, эми, чейин, дейре ж.б.у.с.).
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi
Д.тик функцияны көпчүлүк учурда лексикалык бирдиктер, айрым бир грамматикалык категориялар аткарат. Алсак, жогоруда белгиленгендей, ат атоочтор, тактоочтордун лексикалык мааниси эле бир нерсени көрсөтүп, шилтеп турса, этиштин жак, чак категориялары, сылык түрдү туюнтуучу категория да белгилүү бир сөздү көрсөтүп турат. Д. табиятында тилдин универсалдык касиети, бирок анын түрлөрү, каражаттары, билдирүүнүн ыкмалары ар бир тилде ар башка болушу ыктымал. Кыргыз тилинде Д. катары, негизинен, ат атоочтор колдонулат.
Termin uchun qirg'izcha misol
—
Termin uchun qirg'izcha misol manbasi
—