Terminning qirg'izcha etimologiyasi
Полисемия (көп маанилүүлүк) грекче poly – «көп» жана sēma – «белги, маани» компоненттеринен түзүлгөн. Демек, сөзмө-сөз «көп маанилүүлүк»
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi
Көп маанилүүлүк – бир лексикалык бирдиктин өз ара байланышкан бир нече мааниге ээ болушу. Бир сөз түз мааниден улам өтмө жана башка туунду маанилерди да билдириши мүмкүн.
Омонимдер сыртынан караганда поли¬семия менен окшош сыяктанат. Бирок ошону менен эле айырмачылыктары бар. Окшотугуна көңүл бурсак:
Полисемия да, омоним да экиден ашык маанилерден турат;
Омонимдер да, полисемия да бир эле сѳз түркүмүнөн болушу ыктымал. Бирок полисемиянын бир сѳз түркүмүнөн болушунун себеби денотаттардын өзүнүн бир текке жаткандыгына байланыштуу, ал эми омонимдердики кокустуктан гана болот.
Айырмасы:
Полисемиянын семантикалык талаасы окшош, генетикалык жактан бир мааниден тараган сѳздѳрдѳн турса, омонимдер эч кандай байланышы болбогон семантика¬лык кубулуштун натыйжасы;
Полисемиянын да, омонимдин да пай¬да болуу булактары ар башка.Тактап айт-канда, омонимдер фонетикалык кокустук¬тан, ал эми полисемия метафора, метони-мия, синекдоханын негизинде жаралат.
Полисемия коннотативдик маанилердин жаралышына ѳбѳлгѳ болот, ал эми омоним¬дер андай мааниге ээ болсо, ѳз ичннен полисемияны жаратат. Мисалы, как деген сөздүн маанилерин карасак, как - I. кургатылган жашылча, жемиш;
как - II. адамдын шагын сындыруу, сүйлөтпөө деген омонимдик түгѳйлѳр. Булардын ичинен I маанисинин негизинде какшыта кургатылган деген мааниси коннотацияны пайда кылды. Муну менен омо¬нимдин ичинен полисемиялык маани жа¬ралат дегендикти билдирет.
Негизинен полисемиялык маанилер окшоштукка негизделгендигине байланыш-туу түгѳйлѳр бир эле сѳз түркүмүнөн бо¬лот. Ал эми омонимдик түгөйлөр ар баш¬ка сѳз түркүмүнөн кезигет: жак - I. зат атооч, тарап (оң берки;
жак II. этиш. отту тутант буйрук этиштик мааниде.
Омонимдер номинациялык мааниге ти¬ешелүү болот, полисемия коннотациялык маанилердин өркүндөшүнөн пайда болот.
Полисемиянын да, омонимдин да пай¬да болуу булактары ар башка.Тактап айт-канда, омонимдер фонетикалык кокустуктан, ал эми полисемия метафора, метони-мия, синекдоханын негизинде жаралат.
Омонимдердин пайда болуусунун экинчи тиби кѳп маанилүү сөздөрдүн маа-нилеринин алыстап кетиши болуп эсептелет. Мында сөздөрдүн туунду маанилери¬нин ортосундагы генетикалык байланыш алыстап отуруп, алардын жакындыгы анча байкалбай калат. Полисемиялуулуктун мындай жол менен омонимге айланышы ѳтѳ жай өнүгөт, анткени сөздөрдүн маани¬лери туруктуураак келет. Албетте, сөздүн өмүрү, жашоосу өзү белгилеген нерсе ме¬нен тыгыз байланышта болору белгилүү, ошондуктан колдонуудан чыгып калган затты белгилеген сѳз улам чектелип оту¬руп, омонимге айланат.
Кѳп маанилүү сөздөрдүн семаларынын ортосундагы жакындыкты караганда деле кээси номинативге жакын, кээси алыс, айрымдарынын ортосунда семантикалык байланыш жоктой сезилет. Демек, алар¬дын арасындагы жалпылык акырындык менен жоюлуп, омонимди же сѳз мааниле¬ринин жаңы мотивациясын (жүйѳсүн) пайда кылат. Мындай полисемиядан омонимге айлануу процесси тиешелүү убакытты, шартты талап кылат.