Terminning qirg'izcha etimologiyasi
Орун бышыктооч термини эки сөздөн турат: Орун жай, жер, орун, позиция деген маанини билдирет. Бышыктооч – бышыкта- этишинен жасалган грамматикалык термин. бышык – бекем, так, туруктуу деген маанини билдирет; бышыкта- – тактоо, аныктоо, толуктоо; -гыч/-кыч/-тооч сыяктуу сөз жасоочу элементтер менен байланышкан терминдик форма.
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi
Кыймыл-аракеттин ордун, багытын жана анын кайдан башталганын көрсөтүп, кайда? кайдан? кайсы жерде? кайсы жерден? кайсы жактан? кайсы жакка карай? кайсы жакты көздөй? каяктан? деген суроолорго жооп берип турган айкындооч мүчөнү орун бышыктооч дейбиз.
Орун бышыктоочтун милдетин, негизинен, төмөнкү сөздөр аткарат.
1. Орун тактоочтор: Чаңдын баары Даниярга кап-талып, ал артта калды. (Ч. А.) Ал келип, алдыда бараткан камандын дөөсүнө урунат. Бирок ошол замат түндүк бою өйдө секирип, кайра чалкасынан кетет. (С. К ) Теңселип жыгыла баштаганда, ал токтой калып, күч жыйнап, алдыга утурлайт. (Ч. А.)
2. Орун бышыктоочтун милдетин орундук, мейкиндик маанисиндеги жатыш, барыш, чыгыш жөндөмөсүндө турган з'ат атоочтор аткарат. Бул учурда алар кайда? каякка? кайдан? деген сыяктуу мейкиндик маанисиндеги суроолорго жооп берет.
Мисалы: Андай эркектер дүйнөдө жок да чыгар. (Ч. А.) Бөлмөсүндө жалгыз Жамийла отурат. (К. Б.) Жылуу-Булактын башы Ат-Жайлоодон башталат ж. б.
3. Карай, көздөй, чейин, дейре деген жандооч сөздөр барыш жана табыш жөндөмөлөрүндөгү атооч сөздөргө айкаша келип, орун бышыктоочтун милдетин аткарат: Бурулча колуна конвертти алып, Стамбектин үйүн көздөй кете берди. (К. Б.) Наташа булкуна сүйлөп, бакты көздөй кетти. (К. Бек.) Жаш кезимде оокаттын айынан мен да Пишпекке дейре темтеңдеп жөө баргам. (К. Бек.)
4. Орун бышыктоочтун милдетин ажырагыс сөз айкаштары да аткарат. Орун бышыктоочтун милдетин аткарып турган мындай сөз айкаштарынын биринчи компонента, көбүнчө, шилтеме ат атоочтордон, айрымдары жактама ат атоочтон, белгисиздик мааниде колдонулган бир, эки деген сан атоочтон, ары, бери, алды, арты деген тактоочтордон жана оң, сол, батыш, чыгыш, түштүк, түндүк сыяктуу сөздөрдөн турат. Ал эми анын экинчи компонента барыш, жатыш, чыгыш жөндөмөлөрүнүн мүчөсү уланган багыт, мейкиндик маанисиндеги жак, тарап, жер деген өңдүү сөздөрдөн болот да, мааниси жагынан орундук, багыттык түшүнүктү берет: Биз жакта мындай жалбырактар болбойт. (Ч. А.) Ал азыр сур кашканы алчактатып, тигил мекеме жактан бастырып келаткан. (Т. С.) Алды жакта Жамийла кетип баратат. (Ч. А.) Алексей ушул жерде төрөлгөн. (К. Бек.)
5. Багытты, мейкиндикти билдирүүчү сурама ат атоочтор да opyн бышыктоочтун милдетин аткарат: Кетмен менен иштебей, нанды кайдан табасың. (Макал.) — И, кана, жайыңды айтчы, кайдан келе жатасың? (К. Бек.) - Айылдагы эркектер каякка кетти? (К. Ж.)