Terminning qirg'izcha etimologiyasi
Жөндөмө термини «жөн» уңгусунан куралган:
Жөн – зат атооч катары «жол», «багыт», «тартип», «ыкма», «эреже» деген маанилерди билдирет (мисалы: иштин жөнүн билүү).
Жөндө- – -дө мүчөсүнүн жардамы менен жасалган этиш. Ал «тартипке келтирүү», «багыттоо», «оңдоо», «ылайыктоо» дегенди түшүндүрөт.
-мө – этиштен зат атооч жасаган мүчө. Бул мүчө кыймыл-аракеттин натыйжасын же куралын билдирет.
Демек, ушул уңгу-мүчөлөрдүн айкалышынан улам «жөндөмө» сөзүнүн түз мааниси – «тартипке келтирүүчү», «багыттоочу», «иретке салуучу курал» дегенди билдирет.
Эгер жөндөмө мүчөлөрү болбосо, сөздөр бири-бири менен байланышпай, өзүнчө обочолонуп калмак. Жөндөмө сөздөрдү этиш же башка сөздөр менен байланыштыруу үчүн туура багыт берет.
Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi
флексиялуу жана агглютинациялуу тилдерде атооч сөздөрдү сүйлөм тизмегиндеги башка сөздөр менен байланыштыруучу грамматикалык категория.
Кыргыз тилинде зат, затташкан сын, сан атоочтор, атоочтуктар, кыймыл атоочтор жөндөлөт. Дүйнө жүзүндөгү тилдерде жөндөмөлөрдүн саны ар түрдүүАзыркы кыргыз тилинде алты жөндөмө (атооч, илик, барыш, табыш, жатыш, чыгыш) бар. Байыркы мезгилде багыт (-гару), курал (-ын) жөндөмөлөрү да болгон.
Кыргыз тилиндеги сөздөргө жалганган жөндөмө мүчөлөр сөздүн үндүү, үнсүз тыбыш менен аяктаганына, үндөштүк законуна, ассимиляцияга ылайык ар кандай вариантта болот (мис.: -нын, -нин, -нун, -нүн; -дын, -дин, -дун, -дүн; тын, -тин, -тун, -түн; -га, -ге, -го, -гө; -ка, -ке, -ко, -кө ж.б.)
Кыргыз тилиндеги сөздөр үч түрдүү жөндөмө мүчө кабыл алат.
Биринчи түргө таандык мүчөлөрдү кабыл албаган, ат атоочтон башка сөздөрдүн жөндөлүшү (жөндөмө мүчөлөрү: илик -нын, барыш -га, табыш -ны, жатыш -да, чыгыш -дан);
экинчи түргө ошол эле сөздөрдүн таандык мүчөлөрдү кабыл алган түрүнүн жөндөлүшү (жөндөмө мүчөлөрү: илик -(н) ын, барыш -а, табыш -(н) ы, жатыш да, чыгыш -ан);
үчүнчү түргө ат атоочтордун жөндөлүшү (жөндөмө мүчөлөрү: илик -ын, барыш -га, табыш -ы, жатыш -да, чыгыш -дан) кирет.