Terminning qirg'izcha mazmuniy izohi
Лексика – 1) тилдеги сөздөрдүн жыйындысы, анын сөздүк курамы. Лексика термини сөздүк курамдын айрым катмарларына карата да (тиричилик лексика, поэтикалык лексика, иштиктүү лексика, ж.б.), тигил же бул акын-жазуучу колдонгон бардык сөздөрдү белгилөө үчүн да (Толстойдун лексикасы, Айтматовдун лексикасы ж.б) же белгилүү бир көркөм чыгармада колдонулган бардык сөздөрдү көрсөтүү үчүн да ("Сынган кылычтын" лексикасы ж.б.) колдонулат. Лексика лексикологиянын, семасиологиянын, ономасиологиянын изилдөө предметин түзөт. Лексика чындыкты түз же кыйыр чагылдыруу менен, элдин коомдук, материалдык жана маданий турмушундагы өзгөрүүлөргө жараша толукталып, байып отурат. Бир тилде сүйлөгөн адамдардын ортосундагы социалдык-таптык, кесиптик, жаш курактык айырмачылыктар (жаргон, арго, сленг ж.б.) да лексикада орун алып, лексиканын социалдык стратификациясы социолингвистикада, психолингвистикада, социалдык диалектологияда изилденет. Ал эми лексикада орун алган диалектилик өзгөчөлүктөр тилдин белгилүү бир аймакта таралган спецификалык обьектиси болуп саналат. көрүнүштөрү диалектологиянын Лексиканын кыймылдуулугу, динамизми тилдин тарыхый өнүгүүсүнөн ачык байкалат. Коомдук-саясий, социалдык жана маданий шарт-талаптарга ылайык, айрым сөздөр пайдалануудан чыгып же таптакыр жок болуп кетсе (историзмдер, архаизмдер), айрым сөздөр жаңы пайда болот, башка тилдерден кабыл алынат, өздөштүрүлөт (неологизмдер). Лексикадагы өзгөрүүлөр үзгүлтүксүз жүрүп тургандыктан, тилдин өнүгүүсүнүн ар бир этабы өзүнүн сөздүк курамы менен мүнөздөлөт. Мазмун планы боюнча алганда, лексикада: 1) толук маанилүү жана кызматчы сөздөр, 2) абстракттуу жана конкреттүү сөздөр, 3) синонимдер, 4) антонимдер, 5) гипонимдер болот. Сөздөрдүн семантикалык карым-катыштары лексика-семантикалык топтордун негизин түзүп, парадигмалык байланышта турат. Туюндуруу планы боюнча алганда, лексикада: 1) омонимдер, 2) омографтар, 3) омофондор, 4) омоформалар, 5) паронимдер кездешет. Ар бир тилдин лексикасы стилистикалык жактан дифференцияланат. Стилистикалык жактан бейтарап сөздөр кептин бардык стилинде колдонулуп, сөздүк курамдын негизин түзсө, стилистикалык жактан шөкөттөлгөн, боекчолуу сөздөр кептин белгилүү бир тибинде, шартында гана колдонулат (М., илимий лексика, поэтикалык лексика, оозеки сүйлөшүү лексика, вульгардык лексика ж.б.). О.э. лексиканын чегинде абстракттуу, стилистикалык жана поэтикалык жактан бейтарап мүнөздө болгон терминдер жана конкреттүү, көп маанилүү, индивидуалдуу, экспрессивдүү мүнөздө болгон фразеологизмдер өзгөчө орунда турушат. Лексиканы тизмектөө, сыпаттоонун негизги каражаты болуп сөздүктөр эсептелет.